Султан Садыралиев "Кыздар, ай"
03:31
3,21 Мб
Жүктөлгөн: 10-01-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.35/5
(20 добуш)
Көз менен карап азгырган,
Көңүлдү дайым жаз кылган.
Кызыктар кылат өзгөчө,
Кылгыра тиктеп алдыртан.
Тайманбай жашап турмуштан,
Талашып көктү жылдыздан.
Суйкайып таңдай чыгышта,
Сулуулар чыгат кыргыздан.

Кайырма:
Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай,
Биздин кыргыз элдин кыздары, ай.

Сагынтар мени саргайтып,
Сапарга кетсем алыстап.
Жүзүңдү турар нур чайып,
Жүрөктөр кокус табышса.
Ала-Тоо башын кар чалып,
Жатса да күтүп алыстан.
Кыйындык башка түшкөндө,
Кыздары чыкса намыска.

Комментарийлер (27)

10.01.2014. 18:04
 Almazbek79
Норм а Так )))
10.01.2014. 18:05
 Мэри
Сонун ырдайт да Султан өзү. Дагы көп-көп ырларды күтөбүз!
10.01.2014. 18:21
 Jamalym
Эски ырды жанылап жакшы ырдап коюптур +5
10.01.2014. 20:30
 aman-88
ар дайымкыдай жакшы ырдаган...
10.01.2014. 21:02
 Ermek_sher
Обону жакшы сага ийглик Султан!!!
10.01.2014. 22:10
 omurbek9393
Жакшы)))
11.01.2014. 00:18
 Kalempir26
Кыргызда соз бар катыган (б.....)чокуба деп эч нерсе тапай эски ырларды ырдамай мода кылып алышты.
11.01.2014. 00:56
 Bakyt.92
Рахмат силерге кошуп койгонунарга!!!(y) Мага жагат...уга берем,эч тажабаймын!!!
11.01.2014. 12:24
 nurel50
Алдын Темир ырдап жургон ыр беле?
11.01.2014 15:32
Jamalym
nurel50, Ырыскелди Осмонкулов ырдаган ыр.
Комментарийлерди жашыруу
12.01.2014 07:31
rnurzida
Jamalym, Урмат да ырдап журсо керек эле
13.01.2014 20:41
Jamalym
rnurzida, билбейт экем,болушу мумкун)))
11.01.2014. 12:29
 luchinura
Аягына чейин уккан жокмун. Албетте бул аябай жакшы ыр, бирок акыркы кундору эски ырларды ырдашып эле жатып алышты го. Эмне иштегилери келбей калганбы? Султан агабыз жакшы ырчы чындыкты айтканым мумкун жакпай калат чыгаар бирок эл тажады. Жаны жанылыктар качан болот?
11.01.2014. 13:50
 kaisar88
Ушинтип ырдагандан кору ырдабай эле койсо болмок. Кашасын чыгарып салыптыр.
11.01.2014. 14:43
 jasmina95
jetkire yrdagan azzamat Sultan
12.01.2014. 07:33
 rnurzida
Султан кандай ыр болбосун жеткире ырдайт да. Аябай таланттуу ырчы
12.01.2014. 08:19
 aikooo
мага уну жагат султандын)))
12.01.2014. 15:23
 elka7
Бул негизи жакшы ыр ким ырдаса да.
12.01.2014. 18:05
 miss2014
Султандын уну жакшы,сонун аткарган,ийгилик.
12.01.2014. 20:35
 Baaah
Алга Султан брат баары алдыда,коро албагандарга конул бурбай эле кой
12.01.2014. 21:04
 ayaza
Жаны ыр чыгарбайбы,Бул ырды угуп эле журчубуз да,башкалардай эле ырдаптыр,ашып деле кетпептир...Конечно биздин Ала Тоонун кыздарына эч кимдики жетпейт да!
19.01.2014. 02:30
 Mister.Erik
Азаматсыз жогорку денгээлде аткарган
20.01.2014. 00:11
 turatbek-92
Биздин КЫРГЫЗ кыздарыбызга эч ким жетпейт!!!
07.02.2014. 12:31
 sambo
Мыкты Ыр Соз Жок соонун ун.
29.03.2014. 21:28
 nurum
соонун ыр болуп калат экен! Молодец Султан
15.02.2016. 11:19
 eldiyarmacho
Мурун Ким Ардаган эле
04.03.2019. 13:47
 Aisuluu160790
Супер ырдаптыр азаматсыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо