Гүлжигит Калыков "Дил билет"
02:46
2,53 Мб
Жүктөлгөн: 10-01-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.80/5
(5 добуш)
Өлүмдүн кадырын өксүгөн жан билет,
Жокчулук кадырын көксөгөн жан билет.
Сүйүүнүн кадырын жетпеген жан билет,
Достуктун кадырын четтеген жан билет.
А бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?

Күлкүнүн кадырын муңайган жан билет,
Жаштыктын кадырын улгайган жан билет.
Ден соолук кадырын оорукчан жан билет,
Оорунун кадырын боорукер жан билет.
А бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?

Баланын кадырын балага зар билет,
Жарынын кадырын акылман жар билет.
Бардыгын, бардыгын адамдык дил билет,
Аттиң, ай, ата-эне кадырын ким билет?
А, бирок атанын кадырын ким билет?
Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?
Бардыгын, бардыгын адамдык дил билет.

Комментарийлер (10)

11.01.2014. 04:26
 chinko
Гулжигит сенден жаны ыр жаратышыныды кутуп журом. Сага ийгилик. Дайымкыдай эле бул ырдыда жакшы ырдапсын.
18.01.2014. 21:01
 giza_17
bliiiiiiiin uwul yrdyn tektin jazyp bergileeeeeeeee4iiiiii
23.01.2014. 14:42
 zhyrgal.shamenon
молодец
23.01.2014. 14:43
 zhyrgal.shamenon
ушул ырдын минусун жуктоп койгулачы аябай суранат элем
28.02.2014. 15:03
 Kutbidin
Ушул ырдын жаны вариантын "Кыргызстан" обондорунда берилип жатат. Аткаруучусун биле албадым. Ошону мумкун болсо жуктоп койсонуздар. Рахмат!
24.05.2014. 00:49
 elya-jan
klibi je bir sahnada yrdagany bar bolso. surany4
26.05.2014 17:47
admin_superstan
elya-jan, Саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
13.07.2015. 12:49
 Aisuluu160790
Рахмат Супер. Ушул ырды издеп жургон элем. Ырды сонун ырдаган. Азамат!!!
01.02.2016. 11:05
 Tilek_tegin
Мааниси абдан сонун!!!
15.02.2016. 01:21
 soltobek
Минусун жүктөп койгулачы? Сураныч :-)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо