Султан Садыралиев "Күнөөмдү кечир, Алла"
05:42
5,22 Мб
Жүктөлгөн: 14-01-2014
Сөзү:Б. Жамгырчиевдики
Обону:С. Садыралиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.63/5
(32 добуш)
Жарык турса нур толгон жансыз күнгө бекиндим,
Жармашыпмын шайтанга теңин булгап бетимдин.
Карегимди дат басып, аруулукту табалбай,
Жаштыгымдын далайын жардан алыс кетирдим.

Көздү нечен май басып жолду көрбөй эсирдим,
Көкүрөгүм муз болуп барксыз күндү кечирдим.
Жамандыктан кайтарчу жалгыз өзүң бир Алла,
Жаркын жолго жетелеп күнөөлөрдү кечиргин.

Кайырма:

Алла, Алла, Алла,
Күнөөмдү кечир, Алла.
Алла, Алла, Алла,
Тозоктон сакта, Алла.
Ля Иляха илля Ллах, Мухаммадун – расулю-Ллах

Сактай көргүн, Жараткан, көкүрөгү сокурдан,
Калыстык бер чалдарга наркын сатып отурган.
Ыйлап сурайм, Аллахым, ал күндөрдү кечиргин,
Ыйманымды тарталбай никеси жок кошулган.

Бийлик үчүн намысын сойчуларды кечиргин,
Эл ырысын соодалап тойчуларды кечиргин.
Аруулугун жоготуп, битке турбас сом үчүн
Абийирине чок түшкөн сойкуларды кечиргин.

Кайырма:

Өлбөчүдөй күн көрүп жашап калдык жан сабап,
Өзөгүбүз күйүүдө аракечтик аркалап.
Келечеги жоголуп, багытынан адашкан,
Бир тууганды кечиргин жолдо жаткан чалкалап.

Баскан-турган жолуңдан кайдигерлик коштолуп,
Багытыбыз бузулду шайтан күчү топтолуп.
Бара турган жерибиз жарыгы жок түн беле?
Жанчылууда акыл-эс жан дүйнөбүз бош болуп.

Кайырма:

Жаңылууну кечиргин билип-билбей жасаган,
Жардам сурап журт үчүн карегиме жаш алам.
Барарыбыз кара жер, аларыбыз бир кепин,
Баарыбызды пенде кыл намаз мене жашаган.

Кайырма:

Комментарийлер (52)

15.01.2014. 09:33
 Asulbek
Аллах ыраазы болсун
15.01.2014. 11:05
 bogot
Кочурууду бассамда болбой жатат
15.01.2014 11:15
admin_superstan
bogot, Саламатсызбы! Опера мобайл менен көчүрүү мүмкүн.Модератор admin_superstan түзөттү 15.01.2014 13:16
15.01.2014. 21:35
 ardak86
жакшы
15.01.2014. 23:06
 sezim1111
жакшы ырдаптырсыз соз жок, ийгилик!
16.01.2014. 01:16
 zz2013zz
султан унундо соз жок,бирок тан калыштуусу эмне учун комуз менен ырдабайсын,кыргызмын деп кокурок кагасын ар дайым казах аспабын кармап журосун.
16.01.2014. 03:44
 gul-bibi9109
Азаматсын!
16.01.2014. 09:20
 adah
Жакшы чыгарма жаралыптыр, ийгилик.
16.01.2014. 09:31
 Leti
Жакшы ыр экен тарбиялык мааниси зор.
16.01.2014. 16:29
 aselrahatbekova
Машааллах Султан байке АЛЛА ыраазы болсун!чынында бийик денгээлде аткарылган экен)))Сиз кучтуу адамсыз!дагы тарбия бере турган чыгармаларды жарата бериниз)))анан дагы автор Бердибек Жамгырчиевге ыраазычылык))
16.01.2014. 21:20
 mirza
Карасам сенин сүрөтүң,
жылмайып мага күлөсүң.
Көрүнүп койсоң болбойбу,
карындаш кайда жүрөсүң?
Ма.ма.ма.мама мария Деген орустардын обонунда ким ырдайт тапканга жардам бериңиздерчи.
16.01.2014. 22:12
 beko-
соонун ыр экен
17.01.2014. 09:58
 Samat.A.A
Эн соонун ыр болуптур, игилик сага Султан))
25.01.2014. 10:11
 Joodarbek
Ununun jumshaktygy yrdyn korkun achat!!!
28.01.2014. 21:40
 Elaman_Nurkanov
Эми жакшы бир клип тартса соонун болот окшойт буйруса!!!
28.01.2014. 23:27
 zarifa_love
Мына чыныгы талант .Султан алгааа !!!ушундай ырларды кутобуз дагы ийгилик коп жашаа .чыныгы ун мына ушундай талантуулар осо берсин
29.01.2014. 00:56
 peri...97
Соонун 555555555555555
04.02.2014. 13:15
 kuba027
sonun yr eken

04.02.2014. 19:43
 Fernando
vai ushu yrga kelgende super.kg sarandyk kylyp koidu
04.02.2014. 19:44
 Fernando
ketti rahmat
06.02.2014. 23:55
 nurik.1985
Аллахты эстеп ыр жазыпсын а озун намаз окуйсунбу? ырын жакшы чыгыптыр.
07.02.2014. 12:30
 sambo
Султан Азаматсыз. Сиздин бут ырларыныз эн соонун. Ишинизге Аллахым ийгиилик берсин.5+++++
13.02.2014. 11:00
 banks
irdi irdagandan,jazgandan,klipke tartkandan Allah ozu iraazi bolsun..
13.02.2014. 11:02
 banks
sozun jazip koysonor bolobu irdin...
19.03.2014. 19:49
 nuri90.90
сонун ыр экен. азаматсын Султан!
29.03.2014. 20:01
 TIMi4
yilattaatttko sultan baikebiz!
13.04.2014. 18:15
 Bodibilding
Жакшы ыр болуптур
17.04.2014. 21:53
 elvira1980
Азамат Султан ыр аябай жакшы экен, Алла ыраазы болсун!сенин ырларын уккулуктуу унун жакшы сенден жакшы ырларды кутобуз!
22.04.2014. 17:30
 dastan_nookat
Jakshu azamatsuz sultan baike dagu urlardu kop-kop 4ugara berin sizdi alah osu koldosun!.
04.06.2014. 10:05
 Jolboldu
Жакшы ырдаптыр
13.02.2017. 19:08
 Ravelina
Аллахыбыз ыраазы болсун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо