Нурзада Жолдошева "Жашынган махабат"
03:41
3,39 Мб
Жүктөлгөн: 13-08-2008
Сөзү:Алтынбек Алымов
Обону:Ильяз Абдыразаков
Көчүрүү
  • Currently 4.44/5
(9 добуш)
Кайырма:
Сунган мага гүлүң жок,
Сырын ачкан күнүң жок.
Оттой ысык, бирок сүйүүң жок.
Кантем деги биле албайм,
Көңүлүңдү бура албайм
Жүрөм анан үнүн уга албай…

Берген гүлүң тандаймын,
Тазарып ак таңдайым.
Жолун тапкыс жүрөктү,
Жолугам деп алдаймын.
Курган жүрөк сен деген,
Сенсиң сезим энсеген.
Түнүм супсак, уйкум жок,
Санап кирпик ирмеген.

Кайырма:
Сунган мага гүлүң жок,
Сырын ачкан күнүң жок.
Оттой ысык, бирок сүйүүң жок.
Кантем деги биле албайм,
Көңүлүңдү бура албайм
Жүрөм анан үнүн уга албай…

Сүйлөбөйсүң, күлбөйсүң,
Көз уялткан күндөйсүң.
Сырын ачпас бир мүнөз,
Айсыз жылуу түндөйсүң.
Көз карашың нур болуп,
Тыңшап ырым угасың,
Көңүлүңдү жашырбай,
Качан мага бурасың?

Кайырма:
Сунган мага гүлүң жок,
Сырын ачкан күнүң жок.
Оттой ысык, бирок сүйүүң жок.
Кантем деги биле албайм,
Көңүлүңдү бура албайм
Жүрөм анан үнүн уга албай…

Ызаланып, кызганып,
Башкалардын көзүнөн.
Тынчым кетип, ой басып, уккум келет сөзүңөн…
Мен жактырган ал жигит,
Жүрөгүмдө сыр болот.
Кучагыңда бактылуу
Калган бийкеч ким болот?

Кайырма:
Сунган мага гүлүң жок,
Сырын ачкан күнүң жок.
Оттой ысык, бирок сүйүүң жок.
Кантем деги биле албайм,
Көңүлүңдү бура албайм
Жүрөм анан үнүн уга албай…

Комментарийлер (18)

14.08.2008. 14:00
 bakulj
Орто
14.08.2008. 19:17
 romantik
Poidet
14.08.2008. 20:02
 narnianboy
nachar.
16.08.2008. 18:55
 spp
орточо
17.08.2008. 22:06
 jazka
yny normaldyy,yrdyn mazmyny ancha emes go!
18.08.2008. 15:46
 МээримКа
укса болот экен
18.08.2008. 16:57
 nevidimkaya
ушул ыр мага аябай жагат. а эмнеге жактырбайтасынар Нурзаданын ЫРЫСТУУРААК ушул эле ыры бар.
18.08.2008. 17:06
 Fred
Которулган ырын токтотподу ушу кыз Радиодо эле журоберсе болмок
18.08.2008. 17:57
 don01
начар
29.08.2008. 14:48
 Сыйкырчы
жакшы ыр экен бирок аранжировкасы анча жакпай калды
14.12.2008. 08:45
 Барс
"Кыз бурактын" прфессионал кыздарынан да жогору ырдаптыр!Азамат!!!
16.09.2009. 15:47
 Бекболот Абдимомунович
орто
08.07.2011. 14:05
 AikoAnara
Абдан эле соонун ыр
20.10.2011. 12:06
 beka8585
жакшы эле ыр экен
05.03.2013 12:55
2000
Мен Адилет биринчи апам анан ушул ыры менин бул жашоодо эн жакшы корорун менин
05.06.2013. 18:54
 Leili
жаккан жок
07.03.2014. 15:16
 Nuraza
Сооонун ыр. Нурзада эже ийгилик сизге
25.12.2015. 22:30
 dan12
Абдан жакшы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо