Кубаныч Сатаев "Оштук кызга"
03:17
5,99 Мб
Жүктөлгөн: 20-01-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:М.Осмоновдуку
Обону:М.Осмоновдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(14 добуш)
Айылыңа капыстан барып калдым,
Көрөр замат көңүлгө жагып калдың.
Ырдап жатсам гүл сунуп чыгып келдиң,
Ошол бойдон каректе калып калдың.

Кайырма:
Кылыктанып кылчайып күлүп койдуң,
Сүйөрүңдү көзүңдөн билип койдум.
"Сезбей кетти сүйүүмдү" дебесин деп,
Мен да сени жалт карап күлүп койдум.

Ошол түнү уктабай ойгоо жаттым,
Ооналактап тынымсыз ойго баттым.
Көптөн бери жүрөгүм эңсеп жүргөн,
Ак сүйүүмдү акыры Оштон таптым.

Кайырма:

Кыялымда дайыма жанымдасың,
Өмүр бою издесем табылбасым.
Ортобузда чын эле сүйүү болсо,
Кадырыңа жетейин, карындашым.

Кайырма:

Комментарийлер (14)

20.01.2014. 14:06
 Nurik_UFC
асса сонун ыр
20.01.2014. 14:13
 Joke.uzb.
Азаматсын,жакшы ыр.
20.01.2014. 15:39
 Destro
укмуш + менен
20.01.2014. 16:30
 Jiza
Оууу сонун го бийлегим келет, бийлегим! Браво байке!
20.01.2014. 17:41
 Araika
anda baarynardy biyge chakyram byilegile
20.01.2014. 18:42
 aikooo
сонун екен бийлегенге,
20.01.2014. 19:22
 bakay93ka
жакшы ыр экен
21.01.2014. 02:38
 omurbek9393
Жыргататгооо.)))
21.01.2014. 07:57
 Mambo87kg
Ееээээээхххх!!!Ыр эмес бекен э?!!!)))
21.01.2014. 14:36
 X-peria
ушу ырчыларга тан калам!!! оздору эч бир ыр чыгара албай калышканбы???
21.01.2014. 15:23
 Aruukeshka
Абдан сонун ыр болуптур! Буга чейинки ырларын дагы кубануу менен кабыл алат элек. Эн сонун! Музыкасы, аранжировкасы,сөзү, ырдаган ырчысы, баары төп келген мыкты ыр! Клибин чыдамсыздык менен күтөбүз!
Айта кетчу нерсе, X-peria. Ырчылар ыр чыгарбайт. Ырды акындар чыгарат. А ырчылар ырдайт :)))
22.01.2014. 10:58
 saikalaaa
ушулда ырбы
23.01.2014. 09:37
 Aydan
Вауу класс, аябай жакты! Шандуу, жагымдуу ыр экен. Кыргызымдын сулууларына арнаган турбайсызбы, азаматсыз! Абдан жакшы ырдаптырсыз, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз! Клипти качан тартасыз? :)
23.01.2014. 14:11
 Jeki
Аябай жакты жакшы аткарыптырсыз чын журоткон. Клипти качан коробуз анан????Чыдамсыздык менен кутобуз, Ошко келсениз ушул жактан же Супер инфо гезитинен кабар бериниз ака. Коцертинизге баргыбыз келетт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо