ТААЛАЙ ЭЛЕСИ тобу "Айылым"
04:10
3,81 Мб
Жүктөлгөн: 21-01-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Куралган тоолор менен туш тарабың,
Кооздугуңа көзүм тойбой суктанамын.
Канча ирет кыялданып жайлооңдо,
Көк шиберди аралап чуркаганмын.

Кайырма:
Ай, айылым,
Айылым, айылым,
Айылым, сени аябай сагындым.

Суктантат Ак-Көл, Көк-Көл, Беш-Аралың,
Сулуусу бир мен үчүн кең Чаткалым.
Суу бойлоп суудай аккан жаштыгымды,
Сагынамын, сагынамын, сагынамын,
Канча мезгил өтсө дагы.

Кайырма:

Сагынып жылда келем сага жайда,
Көз тойбой сени карайм кайра-кайра.
Өзүңдө эч өзгөрүү болбогондой,
Агып жатат, агып жатат, агып жатат.
Шарылдап, ий, Чаткал дайра.

Кайырма:

Комментарийлер (2)

05.02.2014. 17:17
 Bolo
Айылым, Чаткалым. Туулган жерим!!!
05.02.2014. 17:24
 Bolo
Ак-Көл, Көк-Көл керемет көлдөр! Беш-Арал мамлекеттик денгээлдеги корук. Кыргызстандын Кызыл китебине кирген көптөгөн жаныбарлар жашайт. Чаткал дарыясы чондугу боюнча Кыргызстандагы дарыялардын учунчусу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо