Айпери Кулбаева "Сагынуу"
02:50
2,58 Мб
Жүктөлгөн: 21-01-2014
Жанр: Фольклор
Көчүрүү
  • Currently 2.00/5
(3 добуш)
Бүркөк асман, жарк дегенде чагылган,
Байкоосуздан жалыныңа кабылгам.
Бүт эркимди курчап алып махабат,
Жалгыз сенин элесиңди жамынгам.
Азыр мен да сени ойлоп жатамын,
Ошол күндөр бүткөн өңдүү канымдан.

Жымыңдашып жанып-өчүп чырактар,
Али эсимде бирге олтурчу убактар.
Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшачу,
Алыс калды алма жыттуу турак жай.
Чертчү эле го түгөнбөгөн күүлөрүн,
Миң кайталап музыкалуу булактар.

Таппай такыр махабаттын айласын,
Сагындым мен жолукчу күн, ай башын.
Мурункудай күтүп жатам азыр да,
Булбул куштун тереземден сайрашын.
Ар убакта жолукчу элек бакчадан,
Айтчы деги, асылкечим, кайдасың?

Комментарийлер (2)

12.01.2015. 02:14
 Samaganova
Үнү бийик,уккулуктуу! Жакшы ырларды күтөмүн фольклор жаатында
08.05.2015. 22:59
 obon
ыр толук аткарылбаптыр анча жакпады
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо