Бегиш "Назира"
02:48
2,57 Мб
Жүктөлгөн: 22-01-2014
Жанр: Рэп (Хип-хоп)
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(6 добуш)
Сенин жумшак эриндериңди өпкүлөп,
Бул дүйнөнүн ырахатын айтчы чөмүлөм.
Болсом деймин сени менен көбүрөөк.
Ишенчи жаным мен сенден бөлүнбөйм.
Сени менен өткөргөн ар бир убакытка кубанам,
Жок сен ойлобо ойнойт деп мен сенден суранам.
Билбейм эмнеге мен сага ушунчалык жакынмын
Бүт көз ирмем сен жок мен эми жүрө албайм.
Ортобузда бир сүйүү бир махабат
Бул ыр менен менин сүйүүм сага арналат
Бишкекте жүрүп балдар сага көз салышып
Менин кызгануум ал балдарга жаралат.
Ойлонтосуң сен мени, уктабайм түн бою
Сенде менин оюм, жагат келбетиң боюң
Сени менен түбөлүк болсом өмүр бою
Сенин кызуу махабатыңа ар дайым тоюп,

Кара-тору сулуу кыз,
Бир көргөндө жагып калдыңыз
Мен сизди унута албаймын.
Жүрөгүмө куса салбаңыз

Мен өзүмдү жакшы бала деп айтпаймын,
Эч кимге мактанбаймын, жамандан сактанамын
Кез-кезде эс алып ойношуп коемун.
Сен көңүл бурба, сени эч кимге алмаштырбаймын
Билип жүр ар дайым, билип жүр ардагым
Мен жаман иштерден абдан тажадым
Калган өмүрүм ата-эне, жанымда балдарым
Болсоң сулуу келишкен сен өмүрлүк жубайым
Өткөрөлү өмүрдү бирге экөөбүз ажырашпай
Жаман жакшы айтышпай, жамандык менен кагышпай
Сен мага жабышсаң мен сенден алыстабайм
Билем, ишенем мен сен бар жалгыз калбайм
Мына ушундай ырлар менен мен өз сүйүүмдү билдирем
Ысымынын баш тамгасы «Н» силер билгиле
Биринчи жолу жаңы кар астында тизелеп,
Бул кыргыз серенадасын белек катары берем

Кара-тору сулуу кыз,
Бир көргөндө жагып калдыңыз
Мен сизди унута албаймын.
Жүрөгүмө куса салбаңыз

Бактылуу каармандар
Кинодой армандай
Жабышып калгандай
Жалгыздык жалгандай
Бир сүйүү, бир махабат
Бул ырлар дүйнөгө таралар
Жүрөктү өрттөнтүп сүйүнтүп
Укмуштуу махабат жаралат

Комментарийлер (5)

22.01.2014. 17:48
 arsi9494
Супер!!! Жакты мага.... Эгерде болсо созун жазып койгулачы
01.02.2014 02:22
kuba01
begish supper! Dagy jakwylaryn kutobuz.
22.01.2014. 22:57
 jigitaly
super
13.03.2014. 21:39
 adik2806
Жакшы ыр экен 555555555555
04.04.2014. 13:53
 Gulnur1980
Жакты жакшы ыр экен) +5
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо