Азиза "Көк жылгаяк"
02:43
6,21 Мб
Жүктөлгөн: 23-01-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.17/5
(6 добуш)
Көл үстүндө көпкөк, көк жылгаяк,
Бара жатат андагы эл абайлап.
Эл артында мен дагы бара жаттым,
Шылдың болуп калбайын деп,
Башты жерге салбайын деп, көк жылгаяк,
Көк жылгаяк, көк жылгаяк.

Эсте калды ошондогу бир кыш убак,
Көңүлдөрдө кубаныч, шаттык улап.
Сыйгаланып жыгылды бир сулуу кыз,
"Тура кой" деп колдон тартып, жайды сурап,
Алды сурап, жайды сурап.

Кандай сонун табигаты кышындагы,
Карарган жер жамынып күмүш карды.
Кызыгына мен батып табигаттын,
Унутупмун таптакыр, эстебедим таптакыр
Жылгаякты, жылгаякты, жылгаякты.

Комментарийлер (4)

26.01.2014. 05:35
 badirovk
Эх Азиза Азиза......Канча канча уйкусуз тан атты сени деп.....
28.01.2014. 10:22
 altynbek-
соонун ыргоо,,
30.07.2015. 21:06
 temir82
Азиза сага чексиз бактылуулук каалайм
21.12.2015. 14:55
 Ema_nookat
ото соонун чыгарма, жакшы аткарылган. талантын ташкындай берсин...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо