Султан Садыралиев "Сенин көзүң"
04:14
7,74 Мб
Жүктөлгөн: 24-01-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.43/5
(7 добуш)
Сен десем батам дайым ойго терең,
Жүрөгүм сыр билгизбей жүргөн менен.
Карекке катып алган элесиңди,
Кадыр кез сен жок кезде карай берем.
Арнагам бир өзүңө жүрөгүмдү,
Ар дайым бил жаныңда жүрөрүмдү.
Ар кандай жагдайларда, кыйын күндө,
Унутпа мен сени сүйөрүмдү.

Карагаттай көздөрүң,
Ээлеп алды ойлорумду.
Таппай жүрөм мен азыр,
Сага барар жолдорумду.

Көздөрүң карагаттай жанып турат,
Жүзүңдөн жылуу сезим агып турат.
Кайталап кайра-кайра күлгөн сайын,
Күлгөнүң жүрөгүмө жагып турат.
Өкүнбөйм, бул жашоого келгениме,
Жашоону пенделерге бергенине.
Чынардай кучак жайып өсө бергин,
Жаралып бул жашоого келгениңде.

Кайырма:

Комментарийлер (6)

26.01.2014. 20:11
 adiletik
Султандын уну ичке жаны чыгып жаткан кездери
26.01.2014. 21:22
 KG_vip
Мурда ырдалганго
09.02.2014. 00:03
 Baaah
Кайсыл ыр болбосун жакшы ырдайт,жигит
16.02.2014. 07:18
 Kosh-Chan
Ен жакшы
09.05.2014. 15:27
 nurgazi85
супер молодчик султан эн жакшы коргон ырым издеп журуп 3жыл азыр табып угуп ырахаттанып олтурам.
19.10.2014. 23:54
 tendikos1988
Salam administracia sultandyn Zhang eneke degen yryn kirgizip koigulachy aldyn ala rahmat
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо