АЙКӨЛ тобу "Ай чыкты"
03:49
6,99 Мб
Жүктөлгөн: 24-01-2014
Жанр: Джаз
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(6 добуш)
Ай чыкты тоодон суйкайып,
Олтурам көлдө жүз чайып.
Сүрөтүң көлдөн көрүнөт,
Сүзгөнсүп аппак жел кайык.

Кайырма:
Бешенем, бой эргип,
Бетимди жуусам бой сергип.
Уучума урунуп,
Удургуйт толкун кол берип.

Берчүдөй энчи бүгүн мен,
Бетине көлдүн үңүлөм.
Эх, жыргал экен көл жээги,
Ыр сурап берчи түбүнөн.

Кайырма:

Агарып күмүш табактай,
Асманда сызып барат ай.
Эх, жыргал экен көл жээги,
Турсачы бир аз таң атпай.

Кайырма:

Комментарийлер (2)

12.06.2014. 14:39
 Chynyshka
сооонун ыр))))))))))))))))
07.04.2015. 07:40
 Mametale
сонун екен мага жакты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо