Кубаныч Ажыбаев "Балалыкты эңсөө"
04:54
11,2 Мб
Жүктөлгөн: 27-01-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(4 добуш)
Ак боз үйлөр жипке тизген шурудай,
Жашыл төрдүн ээлеп оюн- жылгасын.
Ак чуудалуу булут көчүп аскадан,
Тоо мемиреп тыңшап үнүн улардын.
Шүүдүрүмдү аралай чаап жүгүрүп,
Жашыл төрдө кулун, тайдай туйлаган,
Балалыкка күчөйт эңсөөм, кумарым.

Айлуу түндө сүтак сайрап маңдайда,
Акак таштуу булак ыры жаңырган.
Ак чөлмөктүн кызыгына берилип,
Жайдын жумшак буурул таңын атырган.
Чоң энемдин тыңшап сыйкыр жомогун,
Кыялдардын дүйнөсүнө тартылган,
Балалыкка күчөйт эңсөөм, кумарым.

Кашка-Суунун ак чабагын үркүтүп,
Жорго минип жол учугун улаган.
Ат жалында шамал менен жарышып,
Тоолуктардын мукам ырын ырдаган.
Өмүрүмдүн гүл азыгын, башатын,
Айта берип түгөтө албас эч качан,
Балалыкка, күчөйт эңсөөм, кумарым.

Комментарийлер (3)

21.02.2014. 15:54
 Мэри
Кандай керемет чыгарма! Тексти укмуш! Өзүнчө эле сонун картинаны көргөндөй болосуң. Обону сөзүнө төп келет. Кубаныч мырзанын үнү автордукуна (Кадыралы Артыков) жакындаптыр. Мыкты аткарылган, азамат!
07.04.2015. 12:59
 ascasheri
тулган жер коздон учатго уканда
28.01.2017. 12:32
 Maratsher
Кубаныч бул ырды абдан сонун аткарган!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо