Гүлжигит Сатыбеков "Санат ыры"
04:32
8,31 Мб
Жүктөлгөн: 27-01-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.05/5
(21 добуш)
Тумчугамын, түбү жок санааларга батамын,
Бийиктерге жетелейт ак батасы атамдын,
Издеп жүргөн бейишим таманында апанын.
Азаматты эр кылган бата болот турбайбы,
Жашоодогу дөөлөтүң ата болот турбайбы,
Жаман жүрсөң ичинен капа болот турбайбы.
Түгөнбөгөн берекең апа болот турбайбы,
Үйүңдөгү базарың бала болот турбайбы.

Көзүңдү ачып-жумганча кеч кирет да, таң атат,
Сыйлашалы кел, досум, өмүр өтүп баратат,
Тирүүлүктө адамдар бири-бирине аманат.
Бешик көркү бөлөнгөн бөбөк болот турбайбы,
Агасына иниси жөлөк болот турбайбы.
Бир туугандар бир үйдө өзөк болот турбайбы,
Бой жеткенде үй-жайың бөлөк болот турбайбы,
Карыганда неберең эрмек болот турбайбы.

Ташы менен урганды, ашың менен тосуп ал,
Турмуш деген татаал жол, жакшы чөйрө күтүп ал.
Түбөлүктүү жарыңды алып качпай, сүйүп ал.
Жалынсаң да токтобос өмүр болот турбайбы,
Назиктердин назиги көңүл болот турбайбы.
Тууганыңдан жакыны коңшу болот турбайбы,
Акыретте жаныңда досуң болот турбайбы.
Балалыгың жомоктой эсте калат турбайбы,
Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы.
Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы,
Бектер кетип, кайра эле элдер калат турбайбы.

Комментарийлер (79)

06.02.2014. 19:47
 Boria2014
Гулжигит брат аябай сонун ыр болуптур эргуу менен Москвадан унунузду угуп сыймыктанып жатам.
07.02.2014. 17:21
 Cyldyzka
supeeeeeerrrrrrrrrrrrrrrrrrrrrr
08.02.2014. 21:28
 Zuke91
Урматтуу Адменистрация текст песни когда добавите
09.02.2014. 03:39
 indira.1991
Журоктон чыкса, журокко жетет деген ушулда ото жонокой ырчы. Гулнур Асанова экоонун таланттын баалайм. Ар дайым ушундай ырларды жарата бергиле.
09.02.2014. 11:29
 noeli
элдееер жардам бергиле ушул жерден телефонго откорсо болобу ырды?
10.02.2014. 16:20
 Nookat TB
Кандай керемет санат ыры ийгилик сага Гулжигит супер инфо силерге чооооооооооооооон рахмат!!!!!!!!!!
11.02.2014. 14:37
 peri-jan
admin. sozun da juktop koyunuzdar.rahmat
09.03.2014. 14:06
 bakay93ka
эн сонун мазмуууну
09.03.2014. 14:34
 dinka.121
En sonun yr, GULJIGIT baike azamatsyz!
28.03.2014. 17:01
 Sema_kg
эх угуп эле отура берсен ырларын
29.03.2014. 19:46
 urmat_88-kg
Гулжигит байке талантыныз гулдоп оркундой берсин
03.04.2014. 02:13
 Baktyluu_Jigit
Сонун ыр
22.04.2014. 17:57
 777bek
мен кайра - кайра кайталап угуп жатам
16.05.2014. 21:54
 SayKal1218
Гулжигит кандай сонун ырлар , создорун угуп туруп ушунчалык маанисине макул болуп угасын. Рахмат ушундай тарбиялуу ырларына. Аман бол уком.
25.05.2014. 17:46
 Samandar
Жакшы жазылган создун бермети дагы да изденуу керек эле аз кездешчуу создор мн жазуу керек укканда тан калтыраар,
26.05.2014. 15:10
 Samandar
Гулжигит жакшы ырдагансын, бирок бош ырдап койгонсун,концерт тегидей жонокой ырдасан болмок,мейли баары жакшы
26.05.2014. 18:01
 Bekzhan2012
Гулжигит байке, ырынды Американецтер менен Орустар угуп отурушат. Котормочуларга улам котортуп коюп. Ырындын мааниси не только Кыргызтарга жагыптыр. Ишинизге ийгилик, жана ырынызга жалпы куйормандарыныздан терен таазим!!!
02.06.2014. 09:26
 maksat_iz_toktogula
ийгилик сизге Гулжигит байке сизге кааларым узун омур чын ден-соолук ар дайым бар болунуз жалпы кыргыз элине ушундай чыгармаларды чыгарып элдин керегине жарап журобериниз
01.07.2014. 01:49
 azamat4ik
жакшы ыр экен тарбиялык мааниси бар экен
19.08.2014. 23:34
 Ulashkin1717
акыретте жанында ыйманын болот турбайбы десе сооонун болмок. кайдагы дос акыретте
23.08.2014. 16:13
 osusapar
Сүйдүм гүйдүм өлдүм деген ырлардан көрө миң эсе уккулуктуу жана түшүнүктүү ыр экен. Азаматсың!++5
24.08.2014. 19:02
 zina_NUR25
Алла ыразы болсун соонун ыр болуптур
27.08.2014. 01:08
 Eseke2013
Аябай жакшы чыгарма экен ырларыныздын баары жагат
15.09.2014. 16:46
 kgbekish
Arabia robin yr Allan ready bolsun
24.10.2014. 12:13
 rustam1993
ен сонун
ыр
31.10.2014. 19:20
 Mavlyan1984
Эмнеге жуктолбой жатат. админ карап койгула.
16.05.2015. 13:02
 Muradil015
ушунчада соонун ырларды чыгараспы тажабай угамго
11.07.2015. 13:07
 Kunbeken
Тарбиялык мааниси ото чон чыгарма экен .
21.09.2015. 11:26
 asman89
Гулжигит байке азаматсын жакшы жакшы
16.10.2015. 01:45
 turist_po_jizni
мындай кучтуу маанилуу ыр ото аз уккам, азаматсын Гулжигит,
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо