Кубаныч Ажыбаев "Жеңем экен"
04:17
4,89 Мб
Жүктөлгөн: 28-01-2014
Жанр: Фольклор
Көчүрүү
  • Currently 3.88/5
(8 добуш)
Өңүмбү же түшүмбү, бир кыз көрдүм,
Кураладай кулпурган кундуз көрдүм.
Кызыл канат кыздардын периштеси,
Тээ асмандан жерге түшкөн жылдыз көрдүм.
Камыш канат кашы,
Кара зердей чачы.
Кулпурганы толгон айдай,
Канчада экен жашы?
Карагаттай көзү,
Бал татыган сөзү.
Көйкөлгөнү перинин, Каныкейдин өзү.

Күндүз эстен, кетпеди түндө түштөн,
Алтын жылдыз асмандан кимге түшкөн?
Жалгыз гана өзүбү жерде жүргөн?
Же сиңдилери бар бекен а бирге түшкөн?
Камыш канат кашы,
Кара зердей чачы.
Кулпурган толгон айдай,
Канчада экен жашы?
Карагаттай көзү,
Бал татыган сөзү.
Көйкөлгөнү сулуунун, Айчүрөктүн өзү.

Мындай кыздар асмандан келбесе экен,
Жигиттердин көңүлүн бөлбөсө экен.
Ай деп, күн деп жете албай жүргөн кызым,
Бир досумдун урматтуу жеңеси экен.
Көңүл, чиркин, калды,
Жүрөк оттой жанды.
Кундуз деген жеңебиз бир тозокко салды.
Сулуулугу мыкты,
Жеңем болуп чыкты.
Мендеги таза махабат,
Жай көрбөй, көрдү кышты.
Мендеги сүйүү махабат, Ошол менен бүттү.

Комментарийлер (9)

13.06.2014. 11:48
 akbala-2014
Админ.супер инфо Кубаныч Ажыбаевдин Апаларга арналган комуздун коштосундагы ырын жуктоп коюнуздарчы.
13.06.2014 12:17
admin_superstan
akbala-2014, Саламатсызбы!
Рахмат! Аракет кылабыз.
22.07.2014. 17:09
 Akyl.UM.kg
Админ.супер инфо Кубаныч Ажыбаевдин
''сулууларга суктанууга акым бар'' деген ырын кошуп койунуздар.сураныч
27.09.2014. 18:07
 aks_77
издеп жургом да дал ушул ырды. Соп сонун ыр го
17.01.2015. 00:55
 azamat7386
Сонун ыр!
28.03.2016. 21:20
 marat1285
Сонун ырдаптыр!
28.03.2017. 01:03
 557
Урматтуу админ ушул ырдын эстрада вариантын чыгарып берсениздер
28.03.2017 10:07
admin_media
557,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
02.05.2017. 08:58
 buduz-80
Салам! Женем экен,деген ырдын эстрадный вариантын жуктоп койосуздарбы, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо