Самара Каримова "Оо, Жараткан, сактай көр! (new version)"
04:08
4,9 Мб
Жүктөлгөн: 03-02-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.33/5
(3 добуш)
Көкүрөккө, көңүлүмө салбай ой,
Оо, Жараткан суранычым угуп кой.
Жөлөп турган, тиреп турган тирегим,
Ала-Тоомду, ата-энемди аман кой.
Оо, Жараткан, сактай көр!
Оо, Жараткан, сактай көр!
Жөлөп турган, тиреп турган тирегим,
Ала-Тоомду, ата-энемди сактай көр!

Жан дүйнөмө эми салбай эссиз ой,
Оо, Жараткан жалынычым угуп кой.
Өзүң жар бол, жамандыкты көрсөтпө,
Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү аман кой.
Оо, Жараткан, сактай көр!
Оо, Жараткан, сактай көр!
Өзүң жар бол, жамандыкты көрсөтпө,
Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү сактай көр!

Жаратканым өтүнүчүм угуп кой,
Жүдөмүштүү жүрөгүмө салба ой.
Бар үмүтүм, ак тилегим жашоомдун,
Ай чырайлуу балдарымды аман кой.
Оо, Жараткан, сактай көр!
Оо, Жараткан, сактай көр!
Бар үмүтүм, ак тилегим жашоомдун,
Ай чырайлуу балдарымды сактай көр!
Ата-энемди, бир тууганды сактай көр!
Өмүрлүк жар, сүйгөнүмдү сактай көр!

Комментарийлер (2)

03.02.2014. 12:47
 leyli00
Эн сооооонун ата энелер туугандар аман болушсун. Оооо жараткан сактай коооор
19.09.2015. 17:43
 Maxima
Сонун ыр, уга эле бергин келет. Созу кайда я, кошулуп ырдайын десем???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо