Ислам Акматов "Фрунзенин кечтери"
04:11
3,83 Мб
Жүктөлгөн: 03-02-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.13/5
(8 добуш)
Аралап шаар ичин басып жүрдүм,
Андагы ак буурул түн эсиңдеби?
Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан,
Оттору Бишкегимдин кечиндеги.

Убакыт суудай акты, унутпадым,
Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү.
Ал түндү айта бердим жетине албай,
Калтырбай бул дүйнөдөн билгенимди.

Үн катпай мени тиктейт бак-дарактар,
Жүрөктө сагынычыма карашкансыйт.
Негедир канаттуулар учуп өтсө,
Сезилет сени көздөй бараткансып.

Эстеймин элесиңе көзүм канбай,
Азыр мен амалым жок, алыс жакта.
Түшүмдө күндө сени жолуктурган,
Ырахмат миң мертебе махабатка.

Бишкегимди сагынганда....

Комментарийлер (4)

04.02.2014. 11:36
 Puwkin
уну абдан таза, соонун аткарган.
07.02.2014. 01:22
 Jaku25
Ушул ырчыда талант бар чынында,сонун аткарган эски ырды жанылап
07.02.2014. 01:56
 AzamatKG
Аралап шаар ичин басып жүрөм
Андагы ак буурул түн эсиңдеби
Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан
Оттору фрунзенин кечиндеги

Убакыт суудай акты, унутпадым
Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү
Ал түнү айта бердим жетине албай
Калтырбай бул жашоодо билгенимди

Үн катпай мени тиктейт бак-дарактар
Жүрөктө сагынчыма карашкансып
Негедир
11.02.2014 12:56
admin_media
AzamatKG,
Саламатсызбы! Рахмат! :)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо