ЧОРО тобу "Кайгырба"
04:02
3,69 Мб
Жүктөлгөн: 06-02-2014
Жанр: Фольклор
Сөзү:Кудрет Тайчабаровдуку
Обону: Марат Абыловдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Маанай чөксө, досум, кайгырба,
Алсыз болуп дилди алдырба.
Турмуш - сыноо, бакыт да келет,
Көңүлүңдү өзүң жаз кыл да.

Кайырма:
Айланат, жыл айланат,
Өтөт мезгил, күндү биз барктайлы...
Агарат, дил тазарат,
Жакшы сөздү биз дайым айталы.

Сен жылмайсаң аалам жылмаят,
Обон салсаң жүрөк ыргалат.
Баарын өзүң жөнгө сала жүр,
Күлүп турсаң жашоо нурданат.

Кайырма:

Жалтанбагын, жашоо сонун,
Бийле, ырда, тап обонун.
Тагдырдын чеч табышмагын,
Таба билгин бакыт жолун.
Алга баскын үмүт менен,
Келечектин койну кенен,
Бирге болгун элиң менен…

Кайырма:

Адамзат, бүт адамзат,
Жер жүзү сонун, сактап калалы...
Жандана, биз жандана,
Келечекке бир кадам таштайлы...

Комментарийлер (1)

18.02.2014. 09:31
 Han
уап пап пап пап деген жери укмушко малдес ЧОРО!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо