ТААЛАЙ ЭЛЕСИ тобу "Таарынба"
03:43
8,5 Мб
Жүктөлгөн: 18-02-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.80/5
(5 добуш)
Таарынба, садагам, таарынба,
Жалооруп сен мага кайгырба.
Жанаша сен басып ал менен,
Көңүлдү сен антип калтырба.

Башында сен жүрдүң каткырып,
Сүйөм деп сен мени жактырып.
Эгерде чын сүйсөң сен мени,
Кетесиң эмне үчүн калтырып?

Сен тиктеп менин, ай, көзүмө,
"Кечир" деп ыйладың өкүнө.
Ошондо сенин сөзүңдү угуп,
Калтырап кеттим мен буулугуп.

Себебин уктум мен акыры,
Ата-энең бербептир тагдырды.
Болтуруп сени башка менен,
Кайгыга мени, ай, калтырды.

Оо, турмуш, сен неге таш боорсуң?
Таш боорсуң, сен неге таш боорсуң?
Бирине бирин, ай, сүйдүрүп,
Кайрадан эмне үчүн кошпойсуң?

Комментарийлер (1)

19.02.2014. 22:09
 toktopolot79
Студенттик кундорду жана "беседкада" тегерекреп кол чаап коштоп олтурган кыздарды эске салатко. Эхх ошол кундор!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо