Сыймык Бейшекеев "Биздин каттар"
04:47
4,38 Мб
Жүктөлгөн: 19-02-2014

Бул ырды Жайнагүл менен биргеликте аткарган
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.64/5
(14 добуш)
Сагынып сага жазган каттарымды,
Билбедим же жактырбай жатканыңды.
Же күздүн бүркүмүнө бүктөп коюп,
Саргайган жалбырактай катканыңбы?

Бир кезде мага жазган каттарыңды,
Көргөзбөй жан адамга катпадымбы.
Сезимден жүрөгүмө уя салып,
Үлбүрөп балапандай бакпадымбы.
Бакпадымбы, каттарымды катпадыңбы?

Өзүңдү күттүм неге?
Өкүнүп бүттүм дебе.
Жарашып алсынчы деп,
Жаштык кез күтмөк беле?

Күн өттүбү, арадан ай өттүбү,
Сезбей калдым, сезимди түнөттүмбү?
Жообуң күтүп жол карап сен деп жүрсөм,
Жолоочудай жөн гана түз өттүңбү?

Канча ирет карааныңа жагалдандым,
Апкаарып айтар сөздү таба албадым.
Сагынсам да саргайып, жаным, бирок,
Батынып мен жаныңа бара албадым.
Бара албадым, таба албадым, жагалдандым.

Комментарийлер (4)

01.04.2014. 15:54
 4aidai
Сонун ыр экен.
08.05.2014. 00:42
 toichubek1984
10+
22.03.2015. 09:34
 9torres
Ушул ырдын жаны версиясы чыгыптыр го ошону ким ырдайт ?
05.02.2018 21:57
Aiko.00
9torres, кылыч эдик. Диана дамирова
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо