Айчүрөк Иманалиева "Ак куу белең, айперим?"
03:34
3,27 Мб
Жүктөлгөн: 19-02-2014
Жанр: Ретро
Көчүрүү
  • Currently 3.20/5
(5 добуш)
Айдын, көлдүн ак куусундай түшкө киргенсиң,
Жан дүйнөмдүн жалгыз сырын өзүң билгенсиң.
Обон сымал жүрөккө жаңырып,
Тумар болуп таңда тагылып,
Бир өзүңдү самап, бир өзүңдү самап мен сүйгөнмүн.

Кайырма:
Таңдагы берметим,
Кол сунуп жетпедим,
Ак куу белең, айперим?

Көлдүн жээгин бойлоп өзүм сага келемин,
Толкундардан издеп улам сүйүү дарегин.
Чолпон болуп жүрөккө жагылып,
Ак куу консо көлгө кайрылып,
Көз жашыма толот, көз жашыма толот карегим.

Кайырма:

Тунук сүйүү, өмүрдө сен ак куу белемсиң?
Издеп жүргөн ай-ааламдан ыйык түнөгүм.
Арман күчөп өмүргө камыгып,
Сени күтүп таңда зарыгып
Бир өзүңдү эңсеп, бир өзүңдү эңсеп жүрөгүм.

Комментарийлер (2)

20.02.2014. 21:16
 chychkan
Ушул ырды бир угуп эле суйуп калгам
17.02.2015. 15:25
 Kamila88
Динара Акулова ырдаган ушул ыр сонун угулат эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо