Айчүрөк Иманалиева "Көзүңдү сүйдүм"
03:48
3,48 Мб
Жүктөлгөн: 19-02-2014
Жанр: Ретро
Сөзү:А.Акбаровдуку
Обону:А.Акбаровдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(4 добуш)
Ак шоола жанган көзүңдү сүйдүм,
Асели тамган сөзүңдү сүйдүм.
Сен десем, жаным, карлыгач болуп,
Серпилип учуп өзүңдү сүйдүм.

Ээй, көзүңдү сүйдүм, сөзүңдү сүйдүм,
Карлыгач болуп өзүңдү сүйдүм.
Ак шоола жанган көзүңдү сүйдүм,
Асели тамган сөзүңдү сүйдүм.

Кагылган канат кашыңды сүйдүм,
Агылган булак чачыңды сүйдүм.
Көңүлдү көккө көтөрүп учкан,
Көктөмдөй лаззат атыңды сүйдүм.

Ээй, кашыңды сүйдүм, чачыңды сүйдүм,
Көктөмдөй лаззат атыңды сүйдүм.
Кагылган канат кашыңды сүйдүм,
Агылган булак чачыңды сүйдүм.

Жүзүмдөй жүзүң бир көрүп сүйдүм,
Жүрөктө кызыл гүл өңүң сүйдүм.
Өлүмдү жерден алыска айдап,
Өзүңдү келет түбөлүк сүйгүм.

Ээй, бир көрүп сүйдүм, гүл өңүң сүйдүм,
Өзүңдү келет түбөлүк сүйгүм.
Жүзүмдөй жүзүң бир көрүп сүйдүм,
Жүрөктө кызыл гүл өңүң сүйдүм.

Комментарийлер (5)

20.02.2014. 12:00
 arena2014
Рахмат супер инфо силер чыныгы суперсинер! Ушул ырды таппай журдум эле дагы бир жолу рахмат!!!
20.02.2014. 12:21
 arsi9494
Озунду суйдум,
Козунду суйдум,
Жузундо жаткан кулкунду суйдум..
Жамалын сулуу озунду суйдум..
суйкайган болгон боюнду суйдум..
Булбулдай болгон унунду суйдум..
капкара болгон чачынды суйдум..
20.02.2014. 21:13
 chychkan
Соонун ыр. мен дагы суйдум
16.03.2016. 08:21
 Uluk_Kalyev
жакшы ыр болуптур
08.05.2018 14:03
Maratsher
Бул ырга жакында 100 жыл бодот... :-)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо