Дайыр Исмадияров "Жаным (Remix)"
03:32
3,87 Мб
Жүктөлгөн: 24-02-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Жаңылай Исакованыкы
Обону:Эдил Маматовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.83/5
(6 добуш)
Балбылдаган көздөрүң арбады,
Балдай ширин сүйүүнү арнады.
Бакытым деп жүрөгүм тандады,
Бир сени, жаным.
Бапестеп жашайын сени ар дайым,
Балапаным, мендик болчу, айым.
Байлап алды күлгөнүң жайдары,
Сендик мен, жаным.

Кайырма:
Жалжалым, мага, жаным керексиң,
Жараткан берген, жаным, белексиң.
Жашоомо жарык чачып келесиң,
Жанып белесиң.

Жаркыраган жылдызым, аппагым,
Жамалың сулуу таңдын атканы.
Жаныңда кантип күндүн батканын,
Сезбеймин, жаным.
Жароокерим, кайдан сага кабылдым?
Жалгызымды издеп бүгүн таптым.
Жан дүйнөмдүн чырагын жандырдың,
Сүйүүнүн, жаным.

Кайырма:
Жалжалым, мага, жаным, керексиң,
Жараткан берген, жаным, белексиң.
Жашоомо жарык чачып келесиң,
Жанып белесиң.

Комментарийлер (13)

24.02.2014. 20:34
 Jyrgal_91
Дайыр Исмадияров Сизге комментарий бергим келди бул ырыныз эн сонун деп айтыш кыйын...а биз сидин ырларыныз коптон коп баалайт элек ..аа бирок бул ырынызга баа бере албай калдык..бир аз иштешиниз керек экен ...туура ойдо тушуноско деген ойдобуз..
25.02.2014. 00:49
 teodorrrr
Бул ырды менин досум Адыл жасаган ремикс версиясын куну туну уктабай,Дайыр жасаган эмес.Эмнеге анын атын жазбайсынар?
25.02.2014. 01:36
 bunny89
Жакшы ыр укса болот
25.02.2014. 09:51
 admin_media
nurrayan93,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
25.02.2014. 10:03
 Jakusya
Сендикмин Жаным...
Кыйкырып жаткан голос Эдил Маматовдуку экен, уну сонунго илюбой жерден тааный аласын)))
25.02.2014. 14:46
 fomo
Жакшы ыр экен.
25.02.2014. 15:55
 muslim7
эски варианты эле жакшы эле
25.02.2014. 18:26
 Almaz-85
Жакшы емес
25.02.2014. 19:38
 nurel50
Дайырда голос жоок, аны озуда билсе керек
25.02.2014. 20:30
 ali.95
ушулар сүйүү жөнүндө эле ырдай беришет
27.02.2014. 14:46
 Sonun90
Дайырда уникальный голос бар. Эмне Нурел50 сенин голосун ушунчалык жакшыбы, ырчы болчу анда сени угалы. Ар бир ырчынын озуно таандык башкага окшобогон уну болот. Мына ошол нерсе Дайырда да бар.
25.03.2014. 08:11
 osor
Азыр студия деген нерсе барда атайын ун жазылат
31.03.2014. 08:32
 adi_ko.kg
анча эмесго башка ырлары уккулукту эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо