Айчүрөк Иманалиева "Кызыл гүл"
04:35
4,2 Мб
Жүктөлгөн: 25-02-2014
Жанр: Ретро
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(4 добуш)
Кызыл гүлдү байкадым бир бакчадан,
Кызыккандар ал бакчага батпаган.
Көргөндө эле көөнүм түштү ал гүлгө,
Эмнеге аны байкабадым баштатан?

Кайырма:
Бакта өскөн кызыл гүл, неге мынча назиксиң?
Багбан жумшап көп эмгек, абдан назик өсүпсүң.
Ай-ай, кызыл гүл, табийгатың буйруган,
Ой-ой, кызыл гүл, гүл экенсиң ушундай,
Куштар кылган адамды искейм кантип жытыңды?

Табийгаттын өзү багып көрк берген,
Өзүңдү мен кызыл гүлгө теңегем.
Эл кыдырып издегеним өзүңсүң,
Табылдыңбы, кызыл гүлдү издегем.

Кайырма:

Солкулдаган гүлдү көрүп бактагы,
Созолонгон булбул болдум шактагы.
О, кызыл гүл, жүрөк дартын түшүнчү,
Болжошолу жолугушчу аптаны.

Кайырма:

Комментарийлер (3)

20.09.2014. 22:51
 Maksutov.95
Ассалому аллейкум админ ушу ырдын текстин кошуп койосуздарбы алдын ала чоон рахмат
18.10.2015. 20:30
 Aizek02
Аябай жагат кичкий кезибизде ушул ырга бийлечуубуз
26.05.2019. 03:19
 Nasesh
Ушул ырдын клиби жок болуптур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо