Алтынай Нарбаева "Адамга эмне керек?"
03:40
6,72 Мб
Жүктөлгөн: 28-02-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Сөзүн кайрадан иштеп чыккан Аалы Туткучев
Обону:Элдики
Көчүрүү
  • Currently 4.29/5
(24 добуш)
Адамга биринчи өмүр керек,
Экинчи адамга көңүл керек.
Кем-карчын ойлоочу,
Кыйналсаң колдоочу,
Өмүрлүк жарың керек.
Өзүңдү тандаган,
Өмүрүн арнаган,
Түбөлүк жарың керек.

Адамга биринчи өмүр керек,
Экинчи адамга көңүл керек.
Отуңду жакканга,
Оорутпай бакканга,
Атага бала керек.
Урпагын улаарга,
Арка бел тутаарга,
Атага бала керек.

Адамга биринчи өмүр керек,
Экинчи адамга көңүл керек.
Ысык чай куйганга,
Ийилип сунганга,
Энеге келин керек.
Казаның жакканга,
Өз ордуң басканга,
Энеге келин керек.

Адамга биринчи өмүр керек,
Экинчи адамга көңүл керек.
Энем деп келгенге,
Сырдашып кеткенге,
Кыздарга төркүн керек.
Кыйшайсаң таяган,
Кыйналсаң аяган,
Кыздарга төркүн керек.

Адамга биринчи өмүр керек,
Экинчи адамга көңүл керек.
Кайгыңды бөлгөнгө,
Кубанычың көргөнгө,
Кыйышпас достор керек.
Намыска бек болгон,
Эл үчүн чеп болгон,
Кыйышпас достор керек.

Адамга биринчи өмүр керек,
Экинчи адамга көңүл керек.
Миң жылдык кырды ашкан,
Сындашпай сыйлашкан,
Данакер куда керек.
Баш кошкон теңдерге,
Батасын бергенге,
Данакер куда керек.
Мага да ошол керек...
Сизге да ошол керек...
Адамга ошол керек...

Комментарийлер (23)

28.02.2014. 14:10
 balykchy2012
Эн соонун!супер!
28.02.2014. 19:18
 altynai98
соз жок!сууупер!
28.02.2014. 22:19
 riaz
кандай гана сонун создор чон рахмат алтынай эже
01.03.2014. 08:40
 Mir.mir
Адамга азыр акча керек албете ыр супер...
01.03.2014 15:31
Kudi
Mir.mir, хахаха жайлайсынго
05.03.2014. 02:50
 baxa83
Кыргызыма тынчтык, жакшы жашоо керек!!!
10.03.2014. 16:15
 Sonun90
мааниси терен, ыргактары соонун ыр экен. Бар болунуз Алтынай эже
10.03.2014. 16:16
 Sonun90
Адамга биринчи туболук жар керек. Бул эн туура
17.03.2014. 17:20
 Bai
Тексине обону жакшы тандалыптыр.Тажабай уккун эле келет экен. БРАВО
24.03.2014. 09:18
 admin_media
Akyl.UM.kg,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
01.04.2014. 13:29
 dastan_nookat
Сонун
01.04.2014. 21:28
 tokmok.93
бул ырдын автору ким билгендер болсо айтып койгулачы....жана админ.текстин жазып койгулачыы
30.06.2014. 07:43
 Aikowa_kg-8
Кереметтуу создор!!!!
31.08.2014. 00:59
 baby
я влюблена в эту песню
23.10.2014. 17:58
 klash008
Созун кайрадан иштеген инсанга, аткаруучуга ыраазычылык. Чыгармачылыгыныздарга ийгйлик!
21.11.2014. 23:04
 Zamknutaya92
сонун ыр экен. мага да аябай жакты. бирок отпой жатат го.
03.12.2014. 16:41
 al79mi
Админ.нарбаеванын жаны ыры "Жубайыма" деген. жуктоп койгулачы сураныч?
19.03.2015. 17:11
 soccer_boy95
Саламатсыздарбы, супер инфо! Бул ырдын формат ЕХТ экен го,ошону МР3 кылып коесуздарбы? Сураныч,анча мынча телефондор окубайт экен бул ырды. Сураныч Супер Инфо,Рахмат.
19.03.2015 18:14
admin_media
soccer_boy95,
Саламатсызбы!
Уюлдук телефон менен кирсеңиз оpera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
19.03.2015. 19:24
 soccer_boy95
Жооо-ок, кочурулот,бирок машинанын магнитафондору окубай жатат да,ошого форматын МР3 кылып жуктоп койсонуздар жакшы болот эле, Супер Инфо!!!
20.03.2015 09:51
admin_media
soccer_boy95, саламатсызбы! Порталга жүктөлгөн аудиоклиптердин баары mp3 форматында жүктөлөт.
16.05.2015. 12:56
 bekanto
ООО Кудай биринчи жолу мага соогуно жетер болгон ыр жакты
08.04.2016. 10:46
 abde-7082
Эн соонун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо