Сыймык Бейшекеев "Офицерлер"
04:36
4,21 Мб
Жүктөлгөн: 05-03-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.80/5
(5 добуш)
Сезип дайым жүрөгүнөн ыйыктыгын мекендин,
Ишенебиз, шегибиз жок, чек аранын бекемин.
Погон кийген ар бир кыргыз офицери, силерге,
Ата Журттун сакчысы деп дайым таазим этемин.

Кайырма:
Офицерлер, офицерлер - мекенимдин сакчысы,
Офицерлер, офицерлер - тынчтык күндүн бактысы.
Силерсиңер, силерсиңер бейпилдиктин ачкычы,
Ден соолукта жүргүлөчү, өмүр болсун башкысы.

Бөтөн элди, бөтөн жерди өз жериндей корушту,
Артта калды Афганистан алааматы согуштун.
"Чептен эрдин күчү бек" дейт ата-бабам абалтан,
Билесиңер баркын-баасын ыйык ата конуштун.

Кайырма:

Көкүрөктө орден-медаль - эрдигиңдин белгиси,
Көзүндө от, жалын жүрөк болот дайым эргиши.
Өмүрүңөр өрнөк болсун урпактарга эртеңки,
Милдетиң так аткарасың, коргоп эли-жериңди.

Комментарийлер (6)

10.03.2014. 10:27
 admin_media
aktilek_95z_kg,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
04.04.2014. 02:52
 Tariel_tt
Супер
14.04.2014. 17:29
 dastan_nookat
''Офицерлер аман болсун азаматсыз сыймык байке''
17.02.2015. 15:33
 biikech0
Эн сонун ыр, мааниси да терен
14.04.2016. 12:03
 Sabyr_Baymatov
Сонун ыр болуптур
01.05.2016. 11:03
 ofiser26
Рахмат Сыймык ага.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо