Арсен "Арманым"
05:00
6,94 Мб
Жүктөлгөн: 05-03-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.13/5
(8 добуш)
Муздак кадамым,
Жолуң издеп, жолукканда кандай пайда табамын?
Алыс карааның,
Сагынамын, бүтпөй келет арманым.

Жолуккан бактым,
Айтчы, неге соолуп калды гүлү күткөн таңдардын?
Тарттым азабым,
Табышкан күндөрүм билбей жалганын.

Кайырма:
Арманым,
Сага жете албай калып зар болдум.
Айласыздан таппай келем жолдорум,
Жүрөк ыйлап, сенсиз жалгыз калдым, жаным.

Кеттиң теңебей,
Сүйүүм күчөп таарынамын, тагдыр, себебин билбей.
Балким, сен мендей,
Жүргөндүрсүң күтүп сүйүүңдү сезбей.

Элесиң кетпей,
Оюм жетип, бирок, жаным, сага бир өзүм жетпей.
Жүрөктөн эңсей,
Жашап келем үмүт менен сени эстей...

Кайырма:

Комментарийлер (33)

05.03.2014. 20:00
 dojdik
Аыаы аыа бир созуно тушунбойсун чо за песня
05.03.2014. 23:43
 Letty
Ушул ырды кутуп журдум эле! Бул ыр Рай604 фильмиге саундтрек болот.Созуно тушунбойм дегендер учун текстин да кошуп коюнуздарчы сураныч.
06.03.2014. 00:14
 kai008
Зеригип ырдап койгонго ээ
06.03.2014. 02:07
 kilim
эээх Арсен жарабайт бул:-(
06.03.2014. 03:43
 AZAP_2009
тушунгондор учун жакшы ыр, тушунбогондор учун болбогон ыр. ар кимдин ойу ар башка. бирок Арсен братка ийгилик!
28.03.2014 13:03
goodman02
AZAP_2009, ойуна мен да кошулам,сонун ыр экен жакты
06.03.2014. 09:04
 laki
Муздак кадамым
Жолуң издеп жолукканда кандай пайда табамын.
Алыс карааның
Сагынамын бүтпөй келет арманым.

Жолуккан бактым
Айтчы неге соолуп калды гүлү күткөн таңдардын
Тарттым азабым
Табышкан күндөрүмдүн билбей жалганын.

06.03.2014. 10:09
 laki
Арманым,
Сага жете албай калып зар болдум.
Айласыздан таппай келем жолдорум.
Жүрөк ыйлап, сенсиз жалгыз калдым жаным.
06.03.2014. 10:10
 laki
Кеттиң теңебей
Сүйүүм күчөп таарынамын тагдырга себебин билбей.
Балким сен мендей,
Жүргөндүрсүн күтүп сүйүүңдү сезбей.

Элесиң кетпей,
Оюм жетип бирок жаным сага бир өзүм жетпей.
Жүрөктөн эңсей,
Жашап келем үмүт менен сени эстей...
06.03.2014 12:29
admin_media
laki,
Саламатсызбы! Рахмат:)!
06.03.2014. 11:30
 Leto
душевная песня...мне понравилась!!!!Вообще мне нравиться Арсен...У него есть вкус на хорошие песни....
06.03.2014. 12:48
 Мэри
Корейлердин ырларына окшош экен, же которулганбы...
06.03.2014. 19:20
 Mambo87kg
Ушу арсен ырдабай эле башка иш м.н алектенсе жакшы болот болсо к.к эле.Бизнеске же циркте ит,маймыл дресировщиги болсо болгудай шайы бар
06.03.2014 19:36
sergo
Mambo87kg, кошулам сага эч уну жок озун кыйнап ырдайт ырчылыктан кетип актер же бизнес менен алек болсо болмок эгер жандуу ырдаса ал ырдап буткучо жудоп кетем.Келбеттуу жигит лучше актер болсо. Бул менин жеке оюм.
06.03.2014. 23:06
 peri...97
Абдан эле сыздаганго Ким мынчалык сыздатты экен....жок мага жакпады...зеериктирип жиберет экен.
07.03.2014. 00:43
 Maksat94
красава
07.03.2014. 12:28
 Kuba_87
Акчанын кучу м-н ырчы болуп журот.
07.03.2014. 20:35
 muslim7
Жаны толкун 2011ди корсонор. Билесинер уну кандай экенин, живой кандай ырдаарын. кыйналып ырдабайт ал, унунун тембри ушундай озу. Ыр болсо анча эмес экен
07.03.2014. 23:38
 Benos
Арсендин ырын поп жанрын тушунгон адам укпаса , дооруп ар нерсени айта берет. Арсендин чет элдик ырчылардын ырларын ырдагын бир уксанар билесинер кандай уну жагымдуу экенин. Капа болбогула ,бирок айылдан кече эле келип бул ырды уксан сен муну тушунбойсун!
09.03.2014 20:35
Letty
Benos, Сизге кошулам!!!
28.03.2014 13:07
goodman02
Benos, туура айтасын хехе
08.03.2014. 04:07
 nuke1988
Соонун ыр болуптур,Ийгилик
08.03.2014. 15:37
 fomo
Создору бири бирине топ келбей калгандай. Ким жазды экен создорун.
09.03.2014. 20:15
 aizadaxan
Орточо ыр Арсенди чындап эле айылдарда укпайт эчким ырдаса 2000-4000 адамга ырдайт ошо деле жетет
10.03.2014. 05:06
 jigitaly
Арсендин 1 да ырынын мааниси жок
17.03.2014. 14:46
 MADIYAR
ой критиктер ооой, силерге жамандатып эле койсо болду же коро албай ичинер куйуп атабы билбейм... кыргыздар качан онолобуз билбейм
26.03.2014. 20:41
 optimistka
"Мышык майга жетпей сасык дептир" демекчи, озунордун колунардан келбегенден кийин суйлобой эле койсонор болмок. Арсен Кыргызстандын мега жылдыздарынын бири. Анын унундой ун кыргыз эстрадасында жалгыз гана. Колдо бар алтындын баркы жок деген ушул экен да. Уят!
28.03.2014. 13:04
 goodman02
Арсендин голосу жагат да
03.04.2014. 17:59
 ms.jiba
маршруткада ойлонуп кетип баратып радиодон уккандай болдум эле бирок ырдын кандай аталарын билбейт элем,бугун атайын ар бир ырын угуп жатып таап алдым чынында ыр жакты.
14.04.2014. 20:16
 dastan_nookat
Maga jaktu azamat arsen.
16.08.2014. 19:51
 nurbeksoft
Ооба маселе жок Арсендин үну сонун, бирок эмнегедир ушул ырчыга жакшы ыр туура келбейт да..Улуу Урматтуу акындар Арсен байкеге бир сонун ыр жазып берсенер жакшы ыр плюс + Арсендин үнү = Унутулгус ыр жаралмак...
08.07.2016. 23:56
 miss-998
Арсендин ырларынын саны коп бирок сапаты жок, бир да ыры купулума толо элек!
28.10.2016. 17:53
 Nur0701
Супер ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо