Мирбек Атабеков "Барам сага"
03:44
5,18 Мб
Жүктөлгөн: 10-03-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Алмаш Чойбекова
Обону:Кадыралы Артыков
Көчүрүү
  • Currently 4.48/5
(29 добуш)
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды,
Самашып сагынычымды уккан кезде,
Барам сага.

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде.
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде,
Барам сага.

Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде.
Кучактап бейкутчулук түн коюнун,
Күн нуру уясына,
Күн нуру уясына баткан кезде,
Барам сага.

Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде.
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы,
Алтын ай асмандагы толгон кезде,
Барам сага, барам сага.

Комментарийлер (45)

10.03.2014. 22:29
 aziko88
Кантип кочурсо болот уйротуп койгулачы тел нокия люмия 925 сураныч
24.03.2014 01:35
kgnur90
aziko88, UC browcer менен көчүрүп алса болот
24.03.2014 09:25
admin_media
aziko88,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
11.03.2014. 03:12
 nuke1988
Жакшы
11.03.2014. 05:41
 alai.gulcha94
жакшы ырдаган
11.03.2014. 08:33
 meerim8793
Соонун!
11.03.2014. 09:27
 MaRmeLaDka
Сонун ырдаптыр, аябай жакты. Бул ыр менин жашоомдогу эң бактылуу көз ирмемдерден элес калтырат. Бар бол, Мирбек! Чыгармачылык ийгилик сага!!!
11.03.2014. 12:35
 Jonaruk
тиха соонун соозулган экен
11.03.2014. 21:57
 lustig
кайра кайра угуп жатам
12.03.2014. 10:53
 Bat
Проста Супер.
12.03.2014. 15:03
 baldyz
Нурлан Насип еще как ырдайт да. Анын таланты ото кучтуу. Концертинде мен да тан калгам
19.03.2014. 18:32
 messi_1987
молодец жакшы ырдаптыр ийгилик Мирбек!!!!!
23.03.2014. 00:23
 mela
Нурлан Насип бир радиого келип аккордеон менен ырдаганын уккам.Укмуш ырдайт
12.04.2014. 09:44
 maris
жакшы
22.04.2014. 20:39
 bossmos7
Абдан жакшы ырдалыптыр! Кайра кайра ойнолуп жатат.Бар бол!
08.05.2014. 10:56
 Peristem-koo
эч мыкты ырдаптырсыз сиздин ырларыныздын баарын жакшы коруп угам айрыкча "Суранам" деген ырыныз мен учун эле жазылгандай..
27.05.2014. 22:49
 princ
жакшы экен
27.05.2014. 22:50
 princ
кантип кочуром
28.05.2014 10:41
admin_media
princ,
Саламатсызбы! Оң жакта турган "Көчүрүү" баскычын басыңыз.
11.06.2014. 02:35
 zhyrgal.shamenon
Мирбектин аранжровкасы менен конечно ырдай албайт но озунун тембри менен ар бир эле ырчы ырдаса болот Нурландын уну жакшы эле жетет уккулуктуу дагыМодератор admin_media түзөттү 11.06.2014 10:31
04.07.2014. 20:36
 Chikmai
admin_media NUrlan NAsip yrdaganyn juktop koyunuzdarchy please! video ili mp3 bolo beret! lij by uksak boldu!
05.07.2014 01:05
admin_superstan
Chikmai, Мирбек Атабековдун аткаруусундагыны сураган жоксузбу:
http://www.super.kg/media/audio/113727/
07.07.2014. 00:53
 Chikmai
Admin jok Mirbek Atabekovduku emes NUrlan Nasip yrdaganyn ukkan elem!
07.07.2014 11:15
admin_superstan
Chikmai, Нурлан Насип ал ырды жаздырган эмес.Модератор admin_superstan түзөттү 07.07.2014 11:15
03.08.2014. 01:53
 Bekish-kg
обонун келтире албаптыр
24.08.2014. 03:57
 UZGENKG89
Абдан жакшы ыр мага жагат
02.09.2014. 21:45
 formula12
Ийине жеткирип ото профессионалдуу ырдаган
10.01.2015. 16:40
 angelo4ka_96
Сөз жок!
26.01.2015. 02:25
 emamika
Достор! Кыскасы красавчик Мирбек!!!
18.02.2015. 20:52
 mr.jon.i
супер
11.04.2015. 11:57
 dastan_nookat
Molodes!!!
15.04.2015. 13:32
 kokokola
ырдабай жататко кочуруп алайын десем эмнеге?
21.06.2015. 19:59
 tipgul
Мирбек байкеге Кудай Таалам унду бергенда.
30.08.2015. 03:02
 Danislan2015
МирБек атабековдун сен деген ырын жуктоп коюнуздарчы сураныч ала рахмат
01.12.2016. 16:56
 maks93
Эн сонун унуно соз жок!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо