Мирбек Атабеков "Эне колу"
04:14
7,73 Мб
Жүктөлгөн: 10-03-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.64/5
(11 добуш)
Жарыкка көз жарганда эң оболу,
Толгонуп канча жашы корободу.
Кызыл эт балапандай баланы алып,
Калтаарыбай киндик кескен эне колу.

Кайырма:
Үзүлбөй келечектен күткөн ою,
Үйрөтүп, үзүр көрүү өмүр бою.
Эмгектеп, талпынып жаңы баскан мезгилинде,
Тай-тайлап жетелеген эне колу.

Эзилип эт жүрөгү эчен жолу,
Аластап тийбесин деп эч бир ооруу.
Айланып түн уктабай, азап тартып,
Ак сүтүн эмизген да, эне колу.

Кайырма:

Гүлдөтүп мээрим менен талаа-тоону,
Кең салып, чаап берген турмуш жолун.
Жашоонун үрөнүн сээп, өмүр улап,
Чарчабай эмгектенген эне колу.


Кайырма:

Комментарийлер (25)

10.03.2014. 14:31
 osor
Саламатсызбы Админ текстин жазып коюнуздарчы.
10.03.2014. 15:13
 Guliza
Ырыскелди Осмонкуловдун аткаруусунда аябай жагат ушул чыгарма,эн соонун ыр.
10.03.2014. 15:19
 rkypchak
Жаман эмес
10.03.2014. 16:03
 NBAA
MIrbek en soonun atkaryptyr da jakty maga LIKE))) kunugo ugam ))))) kone4no Mirbek yrdap atsa bul yr da emi HIT ke ailanat)))))
10.03.2014 20:34
nurel50
NBAA, Mirbek yrdasa ele hit bolobu:-))))) xe xe xe
Комментарийлерди жашыруу
10.03.2014 23:18
NBAA
nurel50, озун эстеп корсон Мирбек ырдаган ырлар баардыгы бат элге тарайт тез эле хитке айланат бул чындык же??? бул ыр да ошол хит ырлардын хатарында конечно мега жылдыз Кыргызстан ырдап жатса ийгилик Мирба......
10.03.2014. 16:16
 muslim7
маанилуу ыр
10.03.2014. 16:29
 alatookg312
Калтаарыбай дегени эмне калтырабай болсо керек менин жеке ойум негизи ыр жакшы еле экен
10.03.2014 16:51
Jakusya
alatookg312,
Калтаарыбай - коркпой деген маанини тушундурот.
калтаарыбай - не смущаясь, смело ))
10.03.2014. 18:19
 erko77
Мирбек ака жакшы ырдайтго,,,бирок акыркы убакта,,,,,толька эскииииии эски ырларды ырдап калды,,,же талантыныз тугондубу?
09.04.2014 19:25
Musio
erko77, талант эч качан тугонбоит , Эски ырларды жаныртып жатканына суйунолу,биздин эски ырларды жаныртып жатканына рахмат аиталы!!! Бул инсан башка ырчылар менен айырмаланып турат и коп изденет...5+++++++ !
10.03.2014. 18:54
 nlo92
Талантына таазим Мирбек мырза! Атын сакталсын кылымдарга!
10.03.2014. 20:55
 obon
Ийгилик болсун мирбек байке
10.03.2014 23:18
NBAA
obon,
11.03.2014. 05:43
 alai.gulcha94
энелерибиз аман болсун
11.03.2014. 08:32
 meerim8793
Мирбек азамат! уну уккулуктуу жеткире ырдыптыр!!
11.03.2014. 21:09
 Mariyana
Соонун ыр,жакшы ырдаптыр.
16.03.2014. 01:56
 NBAA
sooonun yr eken
08.04.2014. 20:06
 bossmos7
Жакшы ырдаган! Ийгилик!
12.04.2014. 19:26
 Oceana
En s0nun yrdaptyr.
08.07.2014. 12:35
 burulu
sonun yr....
22.11.2014. 21:43
 meka
Аябай жакшы ырдаган. Ырыскелди Осмонкуловдон ашса ашты бирок, кем калган эмес. Ы.осмонкулов эле ушундай кооз ырдай алат экен деп жургом, бирок Мирбек азамат!
10.08.2015. 08:33
 Asitay
Ырды жетишээрлик денгээлде аткара албаптыр. Ырыскелди Осмонкуловдун аткаруусуна жетпей калыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо