Жоодарбешим "Ата-энеме кат"
03:55
3,58 Мб
Жүктөлгөн: 11-03-2014
Жанр: Поп
Сөзү:М.Атаналиевдики
Обону:М.Атаналиевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.60/5
(5 добуш)
Кадимки айыл чети, үйлөтүп отту күйгүзүп,
Билбести билгиздиңер, үйрөтүп атты мингизип.
"Кылганың биз үчүн болсо, үйрөнгүн өзүң үчүн" деп,
Атакем, алтын апакем, мээримиң чачып сүйдүрүп.

Кайырма:
Кандайсың, ата-апа, аманбы?
Сагынып айтам саламды.
Кучагың жайып тосуп ал,
Сагынып күткөн, сапарда жүргөн,
Алыста жүргөн балаңды.

Кадимки айыл чети, күн чыкпай күндө турасың,
"Балдарга бак берсин" деп Кудайдан миң жолу суранып,
Ата бир болуп калсам да, "уулум" деп баштан сылайсың,
Атакем, алтын апакем, тилегиң берсин Кудайым.

Кайырма:

Комментарийлер (21)

11.03.2014. 11:07
 Guli.K.E.
Мааниси терен жана Музыкасы жакшыкен)))
Бар болунуз! Ата-энелер аман болсун!
11.03.2014. 11:35
 tokio1991
жакшы ыр экен ийгилик!
11.03.2014. 14:49
 alai.gulcha94
Энелер аман болсун алар ар дайым биз учун жашайт
11.03.2014. 15:36
 barky312
Жакшы аткарыптыр, азаматсын ийгилик угуп алып уйду сагынып кеттим.
11.03.2014. 16:31
 dikeii
мухтар байкенин ырыго. молодец жакшы ырдапсын. ийгилик
11.03.2014. 19:11
 Baha909090
мухтар атаналиевдин ыры! сонун аткарыптыр
11.03.2014. 21:14
 Mariyana
Жакшы ырдаптыр,ата—энелерибиз бар болсун!
12.03.2014. 01:40
 Altysh_Boldush
Ата Энелерибиз бар болсун бактыбызга
12.03.2014. 18:14
 finalyear2014
Бейиш эненин таманы астында!!!
13.03.2014. 21:37
 Tattygul
супер, сураныч ырдын текстин жазып койгулачы?
15.03.2014. 22:58
 Dasmond
Азаматсын Жоодарбешим, бул ырга кайрадан жан киргизиптирсин, угуп алып ыраазы болдум, ийинине жеткире аткарыптырсын, унуно таазим, аман бол, коро албастардын КОЗYНО кок таш!!!
Сенин унун алтын ун наамына татыктуy, так что толька перёт!!!
15.03.2014. 23:50
 ysmanali
Обону чото знакомый болуп жатат
16.03.2014. 00:11
 Dasmond
Bul yr muhtar atanaliev baikenikda
04.04.2014. 23:52
 Floweryface
Угуудан тажабай кечке уктум, мыкты ыр, мыкты ун,ийгилик!
09.05.2014. 10:37
 alchyn94
ата-энелерге рахмат бизди ушул убака чейин чонойтконго
01.06.2014. 18:01
 betatek-2011
Супер,озгочо чет елде жургондор учун ойдогудай ыр
10.06.2014. 23:48
 ayakosya
Азаматсын сонун ыр
22.06.2014. 13:37
 bakyt.81
Ата энелербиз аман болушсун.
30.07.2014. 16:01
 Altysh_Boldush
сапарда канчалаган адамдар Ата-Энелнрин сагынып журушот эх.
13.08.2014 20:25
chyngyz01
муктар атаналиев да жакшы ырдачуу.ийгилик!!!
01.10.2014. 09:03
 hanshekir
бул ыр мага абдан жагат дегээле жоодарбешимдин ырлары абдан сонунда,,,кантсе дагы токтогулдук жердешим да
ишинизге ийгилик талантыныз ташкындай берсин жоодар байке токтогулдук ининиз ханшекир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо