Назира Кадыева "Унутпаймын"
03:24
1,95 Мб
Жүктөлгөн: 18-02-2010
Сөзү:Сооронбай Жусуев
Обону:Бабравшан Тургунбаев
Көчүрүү
  • Currently 4.60/5
(10 добуш)
Гүлдөр жайнап аңкып турса ыргалып,
Көңүл эргип нечен күлдүк, жыргадык.
Биз эч качан кайгырбайбыз дечү элек,
Кумар канбай, жал-жал карап, жылмайып.

Ал кез кетти койбой кылчайып,
Көңүлдөргө кайгы-муң салып.
Жаным, сен жок, эл көп болсо да,
Жалгызсырап жүрөм сумсайып.

Бак жасанган, бак жашарган күндөрдө,
Бажырайып жылдыз толгон түндөрдө.
Биз эч качан айрылбайбыз дечү элек,
Бирге басып, кол кармашып жүргөндө.

Бирок, анда оттой жаныппыз,
Биз тагдырды такыр таныппыз.
Жанашууга арга таппадык,
Жакын жүргөн менен алыспыз.

Эркелетип сени тоонун кушундай,
Колго кармап жүрө албадым учурбай.
Турмуш деген татаал экен кантели,
Тагдыр деген катаал экен ушундай.

Унутпаймын эсим барында,
Жүрөгүмдө сезим барында.
Сен таарынсаң, таарын тагдырга,
Бирок жаным, мага таарынба.




Комментарийлер (24)

18.02.2010. 17:59
 Шаиста Шатманова
Уну Роза Аманованыкына окшоп кетет экен. Жакты!
20.02.2010. 11:22
 jamka
Азамат кыз, буга чейин да ырларын угуп жургом! Мумкунчулугук бергендер болсо, мыкты чыкчудай!
Дагы мурунку ырларын берсе, жуктоп койсоноррррр, сонууууннннн болмок!!!
23.02.2010. 13:27
 кенжебек
Ырды качан кочурсо болот
24.02.2010. 14:03
 ayse
Nazira azamatsin!!!
25.02.2010. 20:42
 Fred
ДИДЖЕЙЛЕРДЕН Назира эле калды эле ырдабаган.Радиодо эле суйлочу сураныч.Чынгыз сен Нурзада Жолдошева достали.УН болсо бир жон эле койчу ушул ырыңды.
05.07.2014 14:41
beka1979
Fred, ошону айтсан. Ырдаганды биринчи жакшылап уйрончу НАЗИКЕ! Уят эле!
08.03.2010. 10:19
 naglyi
Azamatsyn Nazira. 4et olkonun yrlaryn kotorup yrdagandan koro, ozubuzdun yrlardy yrdaganyn u4un men seni syilayimyn
16.03.2010. 13:16
 andormeda
Назира эжеке сизди биз сыйлайбыз, аман болунуз!
25.05.2010. 12:10
 akylzirek
Гулдор жайнап анкып турса ыргалып,
Гулдой жан деп ырлар жазып тынбадык.
Биз эч качан Пиар кылбайм дечу эле,
Радиодон ырды берип жыргадык.

Эмгек кылбай элдей кылчалык,
Эфирлерден эптеп ырдадык.
Чынгыз,Нурзада жана мен,
Атактуубуз неге мынчалык?
(кичинекей пародия)

12.02.2011. 20:27
 Repus
Назирочка азаматсын, сонун ырлар экен, кутобуз дагы жаны ырларынды. Озун да ырларын да сулуу
01.01.2012. 18:07
 jyrgal-84
жакшы ы рдапсын азаматсын,чон кыз :)
12.01.2012. 19:53
 kuntai
jakwy jakwy bdan jakwy yrdaluptyr :)
15.01.2012. 03:59
 atabekcn
Baardigin ele jakshi deyberet ekensiner da......
17.04.2012 18:43
jakwy bolso jakwy deibiz da :)
06.08.2012. 16:53
 asemkiz
мага да жактты аябай сонун ырдаган назира эже сизди аябай жакшы кором ырдай бериниз и суйлой бериниз
07.01.2013. 00:02
 777

Fred, озун ырдаганды билбей эле сындай бербе да, а так ыр 5+++
09.01.2013. 13:15
 777
Назира эже сиз менен сыймыктанам!Азаматсыз!
05.04.2013. 23:31
 Leili
мага да жактты эн сонун ырдаган супер уну сонун журокту эзет
01.09.2013. 15:43
 semirbedim
Мен болсо ооруп калдым бул ыр менен... 5+
27.09.2013. 23:36
 tigritsa
мага бул ыр абдан жагат
26.07.2014. 13:43
 kishi
Ушул ырды автордун аткаруусунда жуктоп коё аласыздарбы?
06.12.2014. 22:53
 Biikech93
Мага ырдаганы жакты,азаматсыз.
18.03.2016. 19:30
 Shorobashat
Сонун ыр да бул, мурунку ырлар баары бир болок да.
08.06.2016. 16:55
 Aizatnur
Мага аябай жагат ушул ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо