Азиза "Ак сүйүү"
03:27
4,72 Мб
Жүктөлгөн: 12-03-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.67/5
(3 добуш)
Алчадай мөлтүр, арчадай аңкыган,
Ай жүзүң сүйкүм, ак шамдай жаркыган.
Ак сүйүүм сен деп ашыгып, арзыган,
Арбалгам бир өзүңө.

Жалооруй жанып, жалындайт демибиз,
Жар болдук сүйгөн, жалжалым, эми биз.
Жашоодо жетер кең болуп чегибиз,
Келсе экен тилегибиз.

Тамшанткан дүйнө тартуулап гүлдесте,
Күн келди бүгүн күттүргөн бир кезде.
Арнаймын сага ак дилден
ырдесте,
Баш кошкон ушул кечте.

Ардагым, сага асылкеч жар болуп,
Ачылсын өмүр асмандан кут конуп.
Ак сүйүү өчпөй алоолоп от болуп,
Сакталсын жүрөктөрдө...

Комментарийлер (7)

14.03.2014. 20:18
 indira.1991
жакшы ырдаптыр
19.03.2014. 15:56
 lily27
Сураныч Азизанын Армандащым атту ырын жуктоп коюнуздарчы
19.03.2014 16:07
admin_media
lily27,
Саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/media/audio/114705
19.03.2014. 22:59
 Samat21
Журокту эзет экен. Ушундай ырлар коп болсун.
08.06.2014. 23:42
 toktonazarova
жакшы экен,Азизанын уну жагат да
17.06.2014. 16:07
 dos
Эжекебиздин сонун ырлары бар да создорун так ырдайт да ийгилик сизге Азиза дагы башка ырларды кутобуз
30.07.2015. 21:02
 temir82
Азиза алга алга алга жана алга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо