АГК тобу "Жашоо керемет"
03:15
5,95 Мб
Жүктөлгөн: 18-03-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Алишер Тоотаевдики
Обону:Алишер Тоотаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.60/5
(10 добуш)
Жашоо деген, чиркин, кандай керемет!
Амандыктан бизге башка не керек?
Ачык асман, тынчтык болуп турганы,
Билсең ошол Жараткандан чоң белек.

Кайырма:
Түркүн түрдүү укмуштары курчаган,
Биз жашаган дүйнө өзү жомоктой.
Сый бололу бирибизге бирибиз,
Адам деген асылдыкты жоготпой.

Жакшылыкка жар бололу кошулуп,
Болбогонго кейибейли өкүнүп.
Дүйнөбүздүн бейпилдигин сурайлы,
Жараткандан кайра-кайра өтүнүп.

Кайырма:

Жаз бололу жан дүйнөбүз жанданып,
Жадырашып, жашообузга шаңданып.
Жаркын дүйнө ажайып кооз жаралган,
Табиятка суктаналы таңданып.

Кайырма:

Комментарийлер (11)

18.03.2014. 14:01
 Bat
Супер ыр болуптур молодцы
18.03.2014. 14:05
 Baktyluumun
Сонун ыр экен!
18.03.2014. 14:05
 Bat
Супер Кызбурактын Сизге деген ырын дагы жуктоп койгулачы ото чон сураныч.
18.03.2014 14:31
admin_media
Bat,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
19.03.2014. 11:28
 Jeki
ырлары жагат да жагат...мага жагат бул карындаштарым, неге АГК тобу коп чыкпайт сахнага??
20.03.2014. 12:25
 alai.gulcha94
Создору маанилуу сонун ыр болгон
23.03.2014. 00:45
 baby
отлично спели аж настроение поднимается и жить охота стало....
16.05.2014. 10:58
 anisa1-4
АГК тобуна чыгармачылык ийгилик, уй-булолук бакыт каалайм. Конулду которгон созу да, обону да сонун чыгарма экен. Албетте Кенже, Гулнара, Айжамал эжелерибиздин ундору керемет.
17.10.2014. 14:49
 goodman02
минусун киргизип койунчу админ
09.12.2014. 22:40
 dastan_nookat
"Жашоо кандай гана сонун керемет"
05.02.2015. 22:22
 Krasnyi.kg
Магада жакты аябай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо