НУР тобу "Эмне кылам?"
03:14
5,92 Мб
Жүктөлгөн: 21-03-2014
Жанр: Ретро
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(4 добуш)
Мен өзүңдөн узак жакта,
Алыстадым махабаттан,
Сапарлашым, кайгы-муңдан эч арылбай.
Карайлаймын из таба албай,
Күн эместир, түн уктабай,
Сапарлашым, кайгы-муңдан эч арылбай.

Кайырма:
Эмне кылам, ал кызымдын күткөнү бар,
Ардагым деп сүйүп жүргөн түгөйү бар.
Жашырбаймын, бул сүйүүмдү билген да бар,
Жаш үй-бүлө, кантип бузам, намысым бар.
Эмне кылам, ал кызымдын күткөнү бар,
Эмне кылам, ал кызымдын түгөйү бар.

Аттиң, неге мен башынан,
Сүйөм деген кеп салуудан,
Жалтанганмын жакын барып сөз айтуудан?
Жашыбыздан бирге өсүп,
Сен да мени достой көрүп,
Түшүнбөдүң дос деп эмес, сүйөрүмдү.

Кайырма:

Жолоочудай жолдо басам,
Күндөн-күнгө жүдөп барам,
Айланчыктайм сага эч кимди окшото албай.
Маңызы жок жашоом тарып,
Айласыздан таң атырып,
Мен да башка жарым менен күн ашырып.

Комментарийлер (4)

22.03.2014. 15:58
 mikinookat
superchiler/ emne uchun Samagan Kochkorov jonundo jazbaisyzdar?....
24.03.2014 10:03
admin_media
mikinookat,
Саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз, http://www.super.kg/article/?article=17939
25.03.2014. 08:48
 turi80
Саламатсыздарбы!!! Ишиниздерге ийгилик каалайбыз. Жалал-Абаддан Турат. Жаш ырчы кызыбыздын Жайнагул Тентиева - Кыздын сыры деген ырларын кошуп койгулачы сураныч.
25.03.2014 11:30
admin_media
turi80,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/media/useraudio/115221/
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо