Кайрат Примбердиев "Бир тууганым"
03:45
8,57 Мб
Жүктөлгөн: 24-03-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(4 добуш)
Сенин да бул жашоого керегиң бар,
Менин да бул жашоого керегим бар.
Көңүлүң куунак, өмүрүң узак, бар болчу, бир тууганым.
Жашоодо баары болот, чыдаш керек,
Кыйын күн, азаптарга сынбаш керек.
Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк бололу, бир тууганым.

Кайырма:
Алсыз болбо, алга карап мээнет кыл,
Ал күн келет, сен тилеген, карап тур.
Жалгыз калсаң сүйгөнүңө жетерсиң,
Ата-эненин алкышына татыгын.

Жараткан белек кылган ден соолукту,
Жаралабай сактагын ал байлыкты.
Достукту бекем, пейилди кенен кармасаң кор болбойсуң.
Элиңдин бактысын да эми ойлой жүр,
Ата-энеңдин эмгегин унутпай жүр.
Жаштыгың барда, эмгектен талба, ошондо кор болбойсуң.

Кайырма:

Комментарийлер (2)

10.04.2014. 16:37
 nurbek_posol
Мына ушул ырды издеп жургом дааа.. оригиналын таппай журдум эле. Чон Рахмат Суперчилерге!
10.07.2014. 15:08
 Azamat295
Жакшы ыр экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо