Нурсултан Азыкбаев "Аттиң ай"
04:25
6,11 Мб
Жүктөлгөн: 27-03-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(3 добуш)
Кулагымда кыздын үнү ыйлаган,
Жөн ыйлабай жанды кошо кыйнаган.
Жок сезимди салгысы бар жүрөккө,
Кандай жанмын ал сулууну туйбаган?
Жакшы эле жакындаса жаныма,
Алыстаймын тургансып мен камына.
Катуу айтсам калат мүмкүн көңүлү,
Кайра корком каламбы деп каарына.

Кайырма:
Аттиң, ай, мага гана тартыласың жанымдан калбай,
Аттиң, ай, бакытын издеген жандай.
Аттиң, ай, бул өмүрдө түгөйүңдү жүрөсүң таппай,
Аттиң, ай, сен жалгыз ак куудай...

Баалап турсам бир өзүмдү башкадан,
Ээрчип жүрсө кыйынмын деп наздана.
Элес келсе, сезим келбей турду го,
Балким, сулуу кыйналууга жаралган.
Аттиң, неге баркын билбейм ал кыздын?
Ошондуктан мен азыр да жалгызмын.
Башкара албайм, туура түшүн сезимди,
Ак сүйүүнүн астында мен алсызмын.

Кайырма:

Комментарийлер (2)

25.05.2014. 12:44
 Dinka-malinka
Создорун жазып койгулачы
04.08.2015. 15:06
 Aisuluu160790
Достор бул ыр мен учун жазылгандай... Аттин ай. Ырга соз жок. Нурсултан ийгилик сага.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо