Чолпонай "Кыргыз кыздары (Remix)"
03:48
5,29 Мб
Жүктөлгөн: 27-03-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Кайырма:
Ак жүзүңдөн сылап айдын нуру,
Ата-энесин сыйлап ар бир күнү.
Акылдуу кыргыздын сулуу,
Сулуу кыздары.
Алоолонуп тийип абдан ысык,
Ала-Тоодой бийик ар-намысы.
Бабалардын жолдо жолун, жолун,
Батага созуп колуң.

Таң нурундай татына,
Жылдыздай жарык.
Таазим кылып калкына,
Кыз издейт бакыт.
Ата сөзүн актап,
Ата Журтун барктап.
Эне-тилин сактап,
Ар-намыстуу келишет,
Кыргыз кыздары.

Ай-ий, ай-ий,
Айчүрөктөй аты бийик.
Жанган чырактай,
Аккан булактай,
Ай чырайлуу кыргыз кызы.

Кайырма:

Кучагына асмандын,
Жылдызын кысып.
Ак маралдай басканы,
Кыргыздын кызы.
Жанып жарык күндөй,
Жайнап назик гүлдөй.
Жанып жарык күндөй,
Жашоонун шам чырагы,
Кыргыз кыздары.

Ай-ий, ай-ий,
Айчүрөктөй аты бийик.
Жанган чырактай,
Аккан булактай,
Ай чырайлуу,
Кыргыз кызы.

Кайырма:

Комментарийлер (5)

27.03.2014. 15:16
 admin_media
ayka.1991kg,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат? Кененирээк купуяга жазып койсоңуз карап көрөлү, рахмат!
27.03.2014. 15:34
 ayka.1991kg
Купуяга жазышты билбейм чынын айтсам
28.03.2014 10:58
admin_media
ayka.1991kg,
Жогоруда кандай катачылыктар болуп жаткандыгын сураганбыз?
28.03.2014. 11:10
 ayka.1991kg
Ырларды видону кочуро албай атам
28.03.2014 11:23
admin_media
ayka.1991kg,
Эмне деген жазуу чыгып жатат?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо