Гүлзат Байзакова "Кызыма"
02:56
2,68 Мб
Жүктөлгөн: 03-04-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 2.50/5
(2 добуш)
Гүлдөй назик, гүл кызым,
Эсен-соо болуп жүр, кызым.
Тийгениң менен тең кары да,
Башыңдан бакыт жылбасын.

Күндөрүң болсун кылымдай,
Жыргалың жатсын жыйылбай.
Тарыхта жаша из салып, ай,
Нарындын ташкын суусундай.
Ой, гүл кызым,
Нарындын ташкын суусундай.

Кайгыга такыр чөмүлбөй,
Таалайың болсун көлүндөй.
Калса экен ушул колуңар да,
Кармашкан бойдон бөлүнбөй.

Ак булут тоодон жылгандай,
Жаш кезек өтөт буйдалбай.
Өзгөчө жакшы келин бол, ай,
Кайненең каалап тургандай.
Ой, гүл кызым,
Кайненең каалап тургандай.

Көшөгөңөр көк болсун,
Көңүлүңөр төп болсун.
Узак өмүр сүргүлө да,
Балдарыңар көп болсун.
Ак булут тоодон жылгандай,
Жаш кезек өтөт буйдалбай,
Өзгөчө жакшы келин бол, да,
Эл-журтуң каалап тургандай.
Ой, гүл кызым,
Эл-журтуң каалап тургандай.

Комментарийлер (2)

05.04.2014. 14:50
 Мэри
Тойго деп буйрутма менен жазылган окшойт, ырчылар өздөрү айтмакчы.

"Тийгениң менен..." деген орой жана жагымсыз угулат экен...
25.12.2015. 11:50
 amanatym
мыкты ырдаган, самаранын ырдаганын уксанар чыйылдап бузуп салган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо