Рустам Сагыналиев, Чыңгыз Мырзаев "Жашагым келет (New version)"
04:40
10,66 Мб
Жүктөлгөн: 04-04-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(2 добуш)
Жашоо, жашоо, сенде тилек-үмүтүм,
Күр-шар эткен океандай дүбүртүң.
Толкунуңдан ала сала жиреймин,
Алсамбы деп мезгил, өмүр үлүшүн.
Ойлонуп келе жатамын, жатамын,
Кең дүйнө тарыйт, капамын.
Бирок да кыйбай өмүрдү,
Жашагым келет, жашагым,
Жашагым келет, жашагым.

Адам деген күйүп-бышып сыналат,
Аздан көпкө өмүр сүрө куралат.
Жарык дүйнө канча катаал болсо да,
Жашоо нугу, жашоо бүтпөй уланат.
Өмүрдүн суусун татамын, татамын,
Өткөрүп жыргал-азабын.
Бирок да сүйүп өмүрдү,
Жашагым келет, жашагым,
Жашагым келет, жашагым.

Өмүр жылат. Жолу кыска, жолу узун,
Адам жашайт кар, муз каптап конушун.
Жер титиреп, зоо куланат сен жүрүп
Бирок, жашоо неге мынча сонунсуң?
Ак тилек арбын жасармын, жасармын,
Ажалдан кайда качамын?
Өмүрдүн терип гүлдөрүн,
Жашагым келет, жашагым,
Жашагым келет, жашагым...

Комментарийлер (4)

04.04.2014. 23:06
 Maksat94
катаал эмес татаал болушу мумкун Супер инфо
07.04.2014 11:19
admin_media
Maksat94,
Саламатсызбы! "Катаал" деп ырдап жатат :).
05.04.2014. 19:24
 Zair_Alimov
каталбы же таталбы, эмнеси болсо дагы кооп гана ырлардан жакшы экен
06.04.2014. 02:09
 Agusha
супер инфо мага мына ырды таап бериниздерчи(жашагым келет сенин ырларында,,,,,,сырларында)деген создору бар бала ырдайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо