Майрамбек Осмонов "Сезим"
03:14
2,95 Мб
Жүктөлгөн: 15-04-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.92/5
(12 добуш)
Бүгүн мен сени эстедим, сени эстедим,
Жолуксам айтып берем себептерин
Жаштыгым кеткичекти, өмүрүм өткүчөктү
Бул сезим аба-суудай керек дедим.

Өрттөдүң жүрөгүмдүн бары-жогун
Жолу бар кантип аны дарылоонун.
Айыкпайм башкалардан, жок калды башка аргам.
Билемин сенден бөлөк дары жогун.

Билбеймин кайдан сени табарымды,
Билдирип койсоң боло кабарыңды.
Көздү албай тиктесем дейм,
Ыр жазып бүтпөсөм дейм,
Сагындым жароокерим жамалыңды...

Комментарийлер (13)

16.04.2014. 14:04
 admin_media
ayka.1991kg,
Саламатсызбы! Бизге купуя кат менен толугураак маалымат жазып койсоңуз карап көрөлү, рахмат!
16.04.2014. 17:51
 xman
"жүрөгүмдүн бары-жогун" дегенди кандай түшүнсө болот???
16.04.2014. 17:58
 betatek-2011
Aldegen butkul jurogumdu degen.baary jogun degen
22.01.2015. 18:22
 Tansu
Майрамбек байкенин ушул ыры абдан жагат. Дайым ырдап журом бул ырды.Сонун!
30.08.2015. 12:24
 Samandar
Эх майрамбек байке номер бир кыргызстанда аккордеонду ээн жакшы денгелде ойнот анан да ыр укмуш ,ооруп калдым бул ыр мн
08.02.2016. 20:09
 Alina72
Абдан жакшы ыр экен!
16.06.2016. 23:19
 robert2016
Сонун ыр
28.06.2016. 08:27
 DinaraGB
Саламатсызбы Майрамбек байке жана админ! Ушул ырдын минусовкасын жуктоп коюнузчу сураныч!
28.06.2016 09:59
admin_media
DinaraGB,
Cаламатсызбы! Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз. Шилтеме аркылуу кирип минус жүктөп жаткан колдонуучуларга купуя кат менен кайрылып көрүңүз http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11
29.11.2016. 21:25
 vivaldi
Майрамбек Осмонов, гений... Сонун обондорду жаратат. "Араб кызы деген ырынан башка обондору" Аккордеондо да укмуш ойнойт. Таланты ташкындай берсин.
06.04.2017. 16:54
 mery.89
Бир сезиииииим
11.04.2017. 01:00
 mirbech_85
Ушул ырдын минусун жүктөп койгулачы кимде болсо сураныч
14.03.2018. 16:35
 bayan_toktomushov
Жакшы ыр экен жакты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо