Майрамбек Осмонов "Жалгыз уя"
04:28
4,09 Мб
Жүктөлгөн: 16-04-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(4 добуш)
Жасап алып ак сүйүүнүн уясын,
Ал даракта неге жалгыз турасың?
Суу жетпеген куурап калган даракта,
Өмүр бою кантип оокат кыласың?

Кайырма:
Канча жолу кел деп ырдап, сыздадым?
Канча жолу акыл айттым, укпадың.
Же болбосо көгүчкөнгө окшоп сен,
Мени көздөй канат кагып учпадың.

Жалгызсырап эстейсиңби өткөндү?
Жаман болду сүйүүбүздүн өчкөнү.
Чагылгандай бир жарк этип көрүнүп,
Же жамгырдай бир себелеп өтсөмбү?

Кайырма:

Сага барчу тор тосулган жолума,
Түшүп калгам башка адамдын колуна.
Сага окшоп уя жасап алганмын,
Бүчүрү бар бир дарактын бооруна.

Комментарийлер (5)

18.04.2014. 10:40
 Rasuli
чон рахмат, ушул ырды издеп жургом...
18.04.2014. 12:49
 primer-dent
Ушул ырды уккандан тажабайм.
27.10.2014. 03:04
 yaluch
Эн соонун!!
28.06.2015. 00:25
 muke.1971
Чыгармачылык ийгилик
04.10.2016. 23:28
 korgoshun
Самара Сабированын ырлары каякта? Жалгыз уясын жуктоп койгулачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо