Нуриза Абазова "Жүрөктү жүрөк тандасын"
03:32
8,06 Мб
Жүктөлгөн: 18-04-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:Турар Кожомбердиевдики
Обону:Марат Акматовдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Кайгыны ойго илбейли,
Карылык эмне билбейли.
Канакей, жаштар, эмесе, ай,
Калкылдап эркин бийлейли.

Кайырма:
Кылчактап улам күймөнүп,
Кызарба, курбум, сүрдөнүп.
Кел, кошул, биздин катарга,
Кетесиң кийин үйрөнүп.

Күүлөрүн төгүп жиберип,
Музыка алат имерип.
Коомайлап белден кармаса,
Колдору болот билерик.

Кайырма:
Жүрөктү жүрөк тандасын,
Сүйгөнүн сүйгөн жандасын.
Билинбей кай бир уяңдар,
Бийлебей четте калбасын.

Бир-бирин сүйкүм карашып,
Буттарга буттар жанашып.
Кыз-жигит бирге бийлесе,
Карачы кандай жарашып.

Кайырма:
Жаштыктын ыры - махабат,
Жаштарга нурун таратат.
Жаш кезде ойноп, гүлдөгүн,
Жаштык кез өтүп баратат.

Комментарийлер (11)

18.04.2014. 20:50
 sirga-92
супер эже жакшы ыр экен
20.04.2014. 01:29
 Aisanat
Ырды Супер Инфо жуктогон болсо емнеге сапаты начар. Же мага ушундай угулуп атабы.
21.04.2014 10:17
admin_media
Aisanat,
Саламатсызбы!
1. Аткаруучудан ушундай сапатта алганбыз.
2. Эски ыр экендигин да эскерте кетели.
Комментарийлерди жашыруу
21.04.2014 22:40
nuke1988
admin_media Атин ай ал адашкан Адам экен башка экен болок экен.деген ырды жуктоп койушунуздарды суранам
22.04.2014 10:01
admin_media
nuke1988,
Саламатсызбы! Сизге кече жазган билдирүүңүзгө шилтеме берилген. http://www.super.kg/media/audio/115875/
20.04.2014. 12:28
 jypara1415
Бул айымыбыз эмгектенбей койду го ,корунбой калды ?
21.04.2014. 11:20
 dastan_nookat
Ушул ырды Мерим Мураталиева сонун ырдайт ошол керек эле мага жуктоп койгулачы ушул ырдын клипи бар экен го мр3си жок экен видиоклиптерде турат го карап койгулачы
21.04.2014. 11:22
 dastan_nookat
Атаруучунун аты жок экен ырын аталышы эле турат журокту журок тандасын деп.
21.04.2014 15:02
admin_media
dastan_nookat,
Саламатсызбы!
http://www.super.kg/media/useraudio/117399/
22.04.2014. 12:27
 dastan_nookat
Al emes eken Merim Muratalieva urdait oshol kerek ele maga super.kg jamatu.
22.04.2014 13:17
admin_media
dastan_nookat,
Сиз жогоруда сураган ырдын аудиосу бул, ал эми М.Мураталиеванын аткаруусунда да жүктөп коюуга аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо