Ильяз Абдыразаков "Айдагы селки"
03:32
6,46 Мб
Жүктөлгөн: 18-04-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Капкара көздөрү, бал ширин сөздөрү,
Жомокто жашаган перидей кыз өзү.
Жамандык, жалган жок, сезимде кири жок,
Жүзүндө нуру бар, журөккө салат чок.

Өрүлгөн чачы бар, көзүндө сүйүү бар,
Өчпөгөн жылдызбы, өрттөнгөн жалын бар.
Ал кызга барсамбы, сырымды ачсамбы.
Же сүйүп, суктанып ачылбай калсамбы.

Кайырма:
Айдагы селки,
Ак куудай пери
Жомокто жалган
Жолуккан ал селки.

Ал кызга суктанып, гүл тартып, ыр жазып
Ай менен жылдыздан коемун кызганып
Өзөндө гүл болсоң жел болуп учамын,
Өмүрдө бир болсоң жаямын кучагым

Тагдырым туш болсо, табышып алайын,
Жамандык, көз тийбес көз мончок тагайын.
Бактыңа узун жол, жашооңдо күлүп жүр
Бир жигит сүйөт деп, сен мени билип жүр

Кайырма:

Комментарийлер (24)

18.04.2014. 20:15
 alisa.ilias
Бул ырды ким ырдачу эле
18.04.2014 21:08
Daiza
alisa.ilias,
Кызык элесинер ээ Ильяз ырдап жатпайбы))) Ии баса мурда ким ырдачу десенер анда Ильяз Абдыразаков ырдачу мурда деле. Сонун ыр экен.
Комментарийлерди жашыруу
18.04.2014 22:06
bekzhan
Daiza, көп сүйлөбөй жөн эле айтып кой да Ильяздын мурунку эски ыры деп. кызык-мызык дебей...
21.04.2014 09:30
Daiza
bekzhan,
:)
18.04.2014. 22:46
 jypara1415
Бул варианты жакпады .
18.04.2014. 23:14
 asboi
М-даа Ильяз орусча айтканда "выдохся" окшойт. Кийинки ырлары өтө эле начарлап бара жатат или мне кажется...
19.04.2014 13:49
begusia
asboi, туура, тебе не кажется.
19.04.2014. 00:52
 nurando
Болбойт
19.04.2014. 15:07
 Nurik_UFC
чындап жакпады
19.04.2014. 21:23
 Ak_TiLeK
Жалган айтсамбы,айтпасамбы?
Бул ырчыбыз Жылдыз ооруусу менен ооруй элек болуш керек.....?
Вопще эле жонокой жигит.
Алга Ильяз,Алга Кыргызстан!
20.04.2014. 02:09
 kilim
эмне жаны ырларды жазбай жатасын??? кантседа кутуп журом жаны ырынды сагынып
21.04.2014. 06:44
 Zair_Alimov
eski yryn janylaganby jakwy 4uguptur) alga! brat alga! jogolboy bat battan korunup turunuz jakwyy yrlardy kutovuz iygilik!
21.04.2014 09:31
Daiza
Zair_Alimov,
Жок, бул эски эле ыры...
21.04.2014. 11:14
 dastan_nookat
Сонун!
21.04.2014. 11:15
 dastan_nookat
Ушул ырын жанылап ырдап чыкса сонун болмок мага жакты.
21.04.2014. 16:19
 timur1995
Аябай соонун ыр
21.04.2014. 18:52
 yylkan
Не очень
23.04.2014. 00:45
 islamkg
Келечектеги Мега Жылдыз !!!!!! Молодец!
23.04.2014. 20:20
 dastan_nookat
Super,super,super-5
23.04.2014. 20:23
 dastan_nookat
Tekst koskula4u otunom.!!!!
24.04.2014 14:43
admin_media
dastan_nookat,
Саламатсызбы! Аракет кылабыз.
26.04.2014. 16:15
 Zalkar93
Super
24.06.2014. 00:20
 timur1995
жылдыз оорусу менен ооруп жатат азыр бул мен жакшы билем
11.09.2015. 10:07
 xman
Соонун трек, Ильяз, ушул ырынды кайра иштеп чыгышынды кутобуз...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо