Дайыр Исмадияров "Пери"
02:47
1,92 Мб
Жүктөлгөн: 03-03-2010
Сөзү:Кайрат Примбердиевдики
Обону:Дайыр Исмадияровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(5 добуш)
Уялаган жүрөгүмдүн жалгыз сенсиң, ардагым,
Уялбастан сүйөрүмдү азыр сезчи, алтыным.
Махабаттын азабына,
Ак сүйүүнүн тозогуна,
Түшсөм да макулмун мен сени менен, жаным.


Кайырма:
Уурдана карап сени сүйүп келем,
Ууртуңдан жылмаюуну күтө берем.
Уйкумду алып качкан пери белең, жаным?
Ушундай тагдыр экен.

Сагынычта күтө берип өтөт менин күндөрүм,
Жалынычта Кудайыма кээде жетет үндөрүм.
Жолуксам дейм өзүң менен,
Жоодураган жүзүңдөн мен,
Өпсөм дейм сүйүү гүлүн сага сунуп.


Кайырма:
Уурдана карап сени сүйүп келем,
Ууртуңдан жылмаюуну күтө берем.
Уйкумду алып качкан пери белең, жаным?
Ушундай тагдыр экен.

Комментарийлер (13)

03.03.2010. 16:56
 madihon
Азаматсын Дайыр!!! Со-онун ыр экен. Ырынды суйуп калдым. Хит ырлардан жаратканынан жазба.
03.03.2010. 16:57
 madihon
Азаматсын Дайыр!!! Со-онун ыр экен.
04.03.2010. 13:13
 Fred
Бул ырды да бир жактан уурдап алса керек.Анткени откондо эле хит болгон ыры уурдалган болуп чыкты.Ырдабай эле койчу Дайыр заман озгорду ун керек он эмес.Ырдын мааниси жок
04.03.2010. 15:42
 Aslana
Туура, мен да кошулам. Таптакыр ун деген жок бул жигитте.
04.03.2010. 16:31
 madihon
Каяктагы уурдалганды айтып жатасынар!!! УУрдалбай эле.Биринчи озунор ырдап чыккыла анан айткыла.Кимде ун бар.ким де жок. Ичинер куйсо туз жалагыла "Fred" менен "Жаку"
05.03.2010. 09:55
 DJMYRZA
Ыр жакшы, бирок чын эле ырчылык уну жок. Ошентип кыйналып, вокал эрежелерин сактабаса кийин уну такыр эле начарлайт.
05.03.2010. 11:15
 LIVER
Уну жагымсыз, бат эле тажап кетем. Ырдаган жарашпайт.
06.03.2010. 17:11
 minara
Бул ырын анча деле эмес болуп калыптыр "Студенттик кундорун" жакшы !!!
09.03.2010. 04:17
 Demon
Доке бул сапар да жакшы аракет кылбаптырсын ...
09.03.2010. 04:18
 Demon
Бир жолу англисче айтылган репти деле которуп койбоптурсун ...
17.03.2010. 09:20
 cliff
Ооба реп окуган жери абдан окшош экен.
11.11.2013. 22:31
 periwtem
Ар бир адамдын тилеги бар ,алдыга койгон максаты бар,ой максатына жетсем дейт.Сиздер да бир кесптин ээси болсонуздар керек сиздердида айтат бул иштебей эле койсо болмок деп,ар бир адамдын кемчилиги болот.Бизде эле эмес биронун ырын ырдаган башка мамлекетердеда бар.Алар урдабайт сатып алып уруксат алат кимдин ыры болсо ошол ырчыдан.
24.03.2019. 22:11
 tular
Сонун во бул!!! Мен студент кезди эске салата чиркин!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо