Добр "Шоу бизнес"
03:00
2,75 Мб
Жүктөлгөн: 03-03-2010
Сөзү:Добрдуку
Обону:Добрдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.20/5
(5 добуш)
Ассалому алейкум, мени көрүп жаткан көрөрман,
Ассалому алейкум, мени угуп жаткан угарман.
Менин атым Добр болот, мен кыргыздын баласы,
Эгер уга элек болсоң анан угуп аласың.
Шоу-бизнес чөйрөсү да ырчыларга байыды,
Азап болду баарыбызга Ильяздын чыкканы.
Үнү менен кошо анын “Күндөрүбүз жаңырат”,
Канча деген сулуу кыздар Мирбегибиз деп турат.
Ак куу болуп учуп келген Кубик кызы Айпери,
Ай сымал сулуу ажары сахнанын көркү эми.
Фигурасы деле укмуш 90 60 90,
Барбы араңарда айым Кундузга дал окшогон?
Бактыгүлдөй айымдарды клиптен гана көрбөсөң,
Абайлагын, жүрөгүңө так калтырып жүрбөсүн.
Аясаңар боло кыздар Султан аттуу жигитти,
Жөпжөнөкөй жигитмин деп канча кызды жибитти.

Кыргызымдын айымдарын дебегиле деп аял,
Кенже эжебиздей айым болгусу келет Сайкал.
Каныкейди кайра-кайра коё бербей кайгысы,
Бир жак көзүн эмнегедир келе берет жапкысы.
Бекчоронун көз айнеги, ай чырайлуу келбети,
Буга чейин эч бирөө бир көрө элек чечкенин.
Билесиңби сүйүү деген кандай болот экенин?
Мирбекчелик эч ким билбейт сүйүүнүн кереметин.
Өз туулган жэриңерге эч бир нерсе теңелгис,
Аны Темир жакшы билет экенин биз билебиз.
“Мейли эми” деген бойдон АКШ жакка кеткен,
Күтүп калдык Омарыбыз тезирээк келсе экен.
Коштошууга колу барбай шоу-бизнесте жүрөт,
Сапарыбыз кат жазуудан бошой элек көрүнөт.
Көлөкөсү менен дайым бирге шерибиз Айдин,
Канча деген сулуу кызды кайырмагына илди.

“Кыргызымдын жигиттерин кызганам” деп сыздаган,
Расул кызы Айгерим го, бийлеп кийин ырдаган.
Шоу-бизнес чөйрөсүндө бир фамилиялаш,
Бирөөсү Эрлан Андашев, бирөөсү Ильяз Андаш.
Өзгөчө бир стили менен ал ар дайым маскачан,
Патриоту кыргызымдын агабыз Тата Улан.
Замир менен Съездбек байкебиз дагы эле экөө,
Куткарууда “Даткайым” аттуу тасмасын көргүлө.
Атасынын жолун жолдоп Кубаныч аттуу агам,
Кара көздүү сулуу жана өзү дагы жакшы адам.
Даниель го, садагам деп ырларына сыр катат,
Алихандын кыялынан кетпей койду махабат.
Махабат аллеясында эгер азыр жүрсөңөр,
Табасыңар жаныбыз Айзатты байкап өтсөңөр.
Кыскасы, кааларым элибизге бейпилдик,
Ырчылардын баарына тең чыгармачыл ийгилик.

Комментарийлер (26)

03.03.2010. 17:00
 санирабегим
классно
04.03.2010. 10:35
 lira
Jakty!Bir dagy yr4yny kaltyrbay ayta ketiptirsin!E4 kimi taarynbasyn degenin go?
04.03.2010. 13:41
 deer
prosto suppperrr!!!!molo4ik!!!
04.03.2010. 15:43
 Aslana
Эмнеле бул жигит шоу-бизнестегилердин баары менен ырдап жатат. Создору уйкашпаган, тантыраган саптар толтура экен.
05.03.2010. 11:19
 LIVER
Красава! молодец!!! абдан жакшы
05.03.2010. 12:02
 Айзиля
Охоо классно.
05.03.2010. 12:53
 Bahtin
Super!!!
08.03.2010. 11:33
 bakytmirza
Болушунча тантыраптыр го (((((((((((((
09.03.2010. 04:26
 Demon
калп эле мактай берет экенсинер да ... мааниси такыр жок, анан уйкашпай да калган ... ДОБР кыргыздын баласы ырдай бер бирок эптеп септеп ...
11.03.2010. 09:47
 ylduska
Super
12.03.2010. 13:55
 Девушка невидимка
Ыр супер болуптур! Азамат!!!!
12.03.2010. 23:14
 inessa
классно. молодец
14.03.2010. 16:36
 Tokmok
bir az kemchiligderi bar birok, Themasy jakshy, iyigilik saga!!!
16.03.2010. 13:11
 andormeda
Прикольный ыр...конулун которулот бирок кечке уксан тажап кетесин...+5
30.03.2010. 16:12
 minara
Менин ойумча баарын кошкондо убакыт жэтпейт болчу, аябай узун болуп калмак!!!
01.04.2010. 01:42
 Акматов
Оо guzalya детективсин го озунчо эле, шоу бизнести жакшы тушунгон неме окшойсун ! А бирок калгандарычы!!!
08.04.2010. 11:19
 ЖАМЭЛЬ
ДОБР РУЛИТ НО ВОТ ЗАЧЕМ ВОТ ЭТО ВОТ НАААААА НАНАНА НАНАРА НАНАРАНА УШУЛ КУНИК КЫЗ БУЗУП КОЮПТУР
05.05.2010. 14:02
 kalmuratov
репер реперди алыстан корот жакшы
05.05.2010. 14:03
 kalmuratov
жаку адашпа
14.05.2010. 14:28
 Meri
СОНУН!!!
03.07.2010. 14:52
 kench
Супер!!!
07.10.2010. 11:48
 Нуркалый Эркин уулу
АЛга Добррр Красавчик
18.10.2010. 14:33
 Кайрат
Эмнеси супер эмнеси супер!? Кичине созго маани берип уксанар боло! Ушундай тантыраган ырларды белгилуу обончулар уксунчу каери менен кулоорун коросунор. Женил желпи ырларды угуп озунор да ошондой болуп баратасынар.
11.11.2010. 06:30
 Arstan
Ни че се кызык ыр го,Бир укканга болот.
12.09.2011. 06:18
 Beka
Неля менен Урматты унутуп калыптыр.
20.04.2012. 11:38
 sogdi_1991
Туфта какая то, ни какого смысла фууууууууу!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо