Токтобүбү Черикчиева "Барам сага"
03:20
7,6 Мб
Жүктөлгөн: 15-05-2014
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.75/5
(4 добуш)
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды,
Самашып сагынычымды уккан кезде,
Барам сага.

Шоолалар кирпигиңден өпкөн кезде,
Ак жамгыр электете төккөн кезде.
Кусалыктан кубарып ак жүзүбүз,
Көп жылдар арабыздан,
Көп жылдар арабыздан өткөн кезде,
Барам сага.

Гүлдөргө аарылары конгон кезде,
Бал чөбүң ай-ааламдын соргон кезде.
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы,
Алтын ай асмандагы толгон кезде,
Барам сага, барам сага.

Комментарийлер (8)

15.05.2014. 18:26
 rahat.87

Men jaktyrgan eje
16.05.2014. 10:48
 dastan_nookat
Кенеш тобу-"Кутуп,кутуп'' деген ырын жуктоп бериниздерчи!!!!
17.05.2014 16:07
Gulnur1980
dastan_nookat, ырларынын арасында ошол сиз суранган "Жалгыздыктан тажап буттум"-деген ыры бар карасаныз.
Комментарийлерди жашыруу
19.05.2014 10:16
dastan_nookat
Gulnur1980, мен кенеш тобунун ырын сурап жатам кутуп деген ыр суранам админ медиа
17.05.2014 16:09
Gulnur1980
кеиресиз Т Черикчиеванын ырын сурап жаткан го депмин

11.06.2014. 10:39
 Lazat
Сөздөрүн жазып коесуздарбы сураныч
02.08.2014. 17:28
 vera23
Токтобубу эжедей бул ырды еч ким аткара албаса керек, уну аябай жагат.
13.10.2014. 12:24
 PATRIOT.KG84
мага ушу эженини ырдаган версиясы жакты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо