Самара Каримова "Сагынганда атамды"
04:21
7,95 Мб
Жүктөлгөн: 27-05-2014

Жанр: Эстрада
Сөзү:А.Өмүркановдуку
Обону:Э.Талиповдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.15/5
(60 добуш)
Айылыма барарымда аптыгып,
Атамды ойлоп көздөрүмдөн жаш чыгып,
Балбалактайм бар-жогумду унутуп,
Балалыгым келүүчүдөй бастырып.

Кайырма:
Алыңды айтып алыс жактан жел келет,
Көптөн берки көңүл бугум жазамбы?
Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп,
Мен алыстан сагынганда атамды.
Көздөрүңдү өпкүм келет эркелеп,
Сагындым, эй, сагындым, эй, атамды.

Башыңдан күн, аягыңдан ай туулуп,
Турчу, ата, аппак таңдай кулпуруп.
Жерге бутум жетпей учуп баратат,
Аска чапчып аккан суудай жулкунуп.

Кайырма:

Бактан булбул, кырдан таңшып улары,
Баягыдай күнүң батып, чыгабы?
Карегинен каруу-күчүн алдырбай
Карааны тоо атам күүлүү турабы?

Кайырма:

Комментарийлер (62)

29.09.2014. 01:13
 aziko88
Ииииий ыр эмеспи
05.10.2014. 18:18
 kalbek87
урматтуу супер инфо! Текебай Мураталиевдин "суйуунун кучу керемет" деген ырын да жуктоп койгулачы сураныч
06.10.2014 17:36
admin_media
kalbek87,
Саламатсызбы! Аракет кылабыз.
15.10.2014. 22:10
 leyli00
Superrr
16.10.2014. 10:00
 admin_media
Zanka,
Саламатсызбы!
Уюлдук телефон менен кирсеңиз оpera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
27.10.2014. 11:42
 sen_emes
Супер админ кочуро албай атам азырынча мумкун эмес дейт качан кочуро алам рахмат
27.10.2014 12:03
admin_media
sen_emes,
Саламатсызбы! Оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу азырынча көчүрүү мүмкүн эмес.
02.11.2014. 18:46
 orun
Саламатсыздарбы админ. Эмне учун кочуруу дегенди бассам кочурулбойле медиа порталга кирип кетип жатат.
08.11.2014. 14:50
 Aksy-13
ээхх!!!Самара,Самара!!! мен атамды жоготконума 4жылдан ашты.ырынды уккандан бери кундо ичимден кайталайм.журогум жаман болуп кетип атат.озунон озу козумон жаш кетип.
08.11.2014. 14:51
 Aksy-13
атамды сагынганымдан эмне кылаарымды да билбей атам
12.11.2014. 09:12
 miki87-06
өтө соонун ырдаган ыр экен
22.12.2014. 09:35
 edico22
Соз жок! Браво! Азаматсын!
02.02.2015. 22:00
 Sherkul
Коздорунду опкум келет эркелеп дегенди ХХХ ХХХМодератор admin_media түзөттү 2015-04-30 10:37:00
30.04.2015 10:37
admin_media
Sherkul,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт! 10 күн БАНга!
19.02.2015. 15:58
 Ruar
Жакшы ырдаптыр молодец!!!!
21.02.2015. 23:01
 altyn_kyz
Ушул ырдын минусовкасын кайдан тапсам болот, жардам бериниздерчи сураныч...
27.02.2015. 15:32
 Aida91
Мага абдан жакты бул ыр, атасын жоготкон адамдар аябай кыйналышса керек бул ырды укканда, балдардан ата-энени кудайым эрте айрыбасын !!! Модератор Aida91 түзөттү 2015-02-27 15:32:59
27.02.2015. 16:15
 meder.aralbekov
абдан журокко жеткире ырдаптыр, ушундай ырдаш керек!
15.03.2015. 21:40
 ferrara2014
Samaraga uigilik/Abdan sonun atkargan.
24.03.2015. 16:37
 sergo
метродо козумон жаш куюлуп угуп баратам. Атам менен беш эле минута суйлошконго бут жашоомду бермекмин. Негедир атамын олгон куну Москвадан учуп барып эркелей албай калган кунум эсиме келди.
25.03.2015. 01:54
 Narynbek
Абдан сонун ыр экен.Азаматсың Самара!мен да ата-энемден айрылганыма жыл айланып баратат.угуп көзүмдөн жаш тегеренип кетти.
01.04.2015. 09:27
 tynara81
Аябай сонун ыр, сонун обон, сонун ырдаган. Атам тирүү, кудайга шүгүр, бирок ушул ырды уккан сайын ыйлайм атамды, апамды айылымды сагынып.
06.04.2015. 09:31
 Asul
Андан бери 37 жыл отуптур. Ошентсе да атамды коргум келе берет. Анда 2-класста окуган кичине кыз элем, азыр 46га чыгып, неберелуу болгону отурам. Атамдын элесин да унутуп бараткандаймын, бирок болбой эле сагынам АЛТЫНЫМ АТАМДЫ. Самаранын бул ыры куса кылып, ого берет сагынтып жиберди...
11.04.2015. 05:58
 aman80-11
Эх чиркин ырдеп ушуну айтат,коздоруну опкумкелет эркелеп сагындым меней атамды.Мен байкуш бирок эркелей албайм, атаенени козубарда сыйлайлычы калайык
29.04.2015. 19:06
 soccer_boy95
Sherkul, Сага барыбир эмеспи? ХХХ ХХХМодератор admin_media түзөттү 2015-04-30 10:39:25
30.04.2015 10:39
admin_media
soccer_boy95,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
30.04.2015. 12:55
 Emma
Atamdin kozy otkonuno 3 kun boldu. Oloorunon 2 kun murun, Samaranin ushul yry jakty, kyzym kelse "jattap, yrdap ber" debesem dep aitkan eken. A men bul yrga maani bergen emes elem, azyr atamdyn tilegin oorundatyp jattap oturam. Atakemdi ayabai sagynyp jurdym ele. Kozdoru tiruu kezinde ata-enenin akybalyn surap tez-tez chalyp turgula
24.06.2015. 09:41
 buduz-80
Соз жок сонун ыр керемет!!!!!!!!!
05.09.2015. 14:52
 Arlenchik
Сонун ыр жашытат го атанын орду кандай бийик атамды абдан сагындым.
15.09.2015. 09:41
 tynys88
Суйом го суйом
28.10.2015. 02:46
 anara870693
Ооохх атакемди эстеп ыйлап да алдым, аябай мыкты ыр экен
05.05.2016. 14:50
 abde-7082
соонун ырдаган ,керемет!!
24.11.2016. 15:08
 Antoshka2016
Сагындым эй.сагындым эй атамды(((ыйлатат ушул ыр дайыма
29.06.2020. 21:27
 muras111211
Сагындым атамды.
Жан Атамдан 1ай мурун айрылдык.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо