Добр "Алга, кыргыз!"
04:48
4,4 Мб
Жүктөлгөн: 17-03-2010
Сөзү:Добрдуку
Обону:Добрдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.92/5
(12 добуш)
Мен кыргызмын, мен, мен, алга, кыргыз калкым,
Мен кыргызмын, улуу кыргыз бойдон келет калгым.
Кыргыз улут кыраан-кыраан жигиттерге бай келген,
Ырас, ырас эле кыргыз болуп жаралган экем.
Кылым карып, бирок кыргыз кыргыз бойдон калган,
Мен миң өлүп, миң тирилген, мен ушундай калкмын.
Баатыр Манас атам болгон, ал менин гана атам,
Миң талашып, миң кырылгын,
Манас кыргыздан чыккан.

Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!

Кыргыз элим илгертен баатырларга бай келген,
Кыраан-кыраан жигиттерди элим баалап даңк берген.
Кыргыз элим намыскөй, намысына бек турган,
Кылым карып, жылдар өтүп, алдын көздөй умтулган.
Баатырыбыз Манас чыккан, баатыр болгон баласы,
Арасынан кыргызымдын чыккан Тайлак баатыры.
Ар кай жеринен, жеримдин ар ким жети жагынан,
Чыккан Байтик баатырыбыз, Курманбегибиз, Шабдан.
Чыккан экен баатырыбыз Атаке, Эр Табылды,
Кыраан, күчтүү болгон экен Балбай деген баатыры.
Кожомкулдай күчтүү балбаныбыз чыккан кыргызда,
Баатыр энелерим болгон Курманжан даткабыздай.
Эне баатыр Жаңыл Мырза менен чыккан Кыз Сайкал,
Айта берсек, эч түгөнгүс, азыр деле көп алар.
Ошондуктан улуу элиме эч бириң теңелгис,
Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис.

Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!

Жагабы, жакпайбы, сага улутум болсо кыргыз,
Мен кыргызмын, жакшы көргөн бешбармак менен кымыз.
Күндөп-түндөп "Манас" айткан, укмуш черткен комузду,
Күлүк атты мендей чапкын, көрдүңбү жер кооздугун.
Мен кыргызмын ала-тоолук, ак калпак баса кийген,
Бийик койгон өз тилимди, өз элиме ийилген.
Кыргыз деген улутум менин, кырылгыс эч качан,
Мага каршы чыкпа, сендей миң душманды кыргам.
Кыраан-кыраан жигиттерим, менин эр жүрөк келген,
Мен кыргызмын намыскөй, намысыма бек келген.
Болом өтө конок пейил, мейман тоском илгертен,
Кылам дегенимди кылган улут болом билбесең.
Кыргызымдан өнөр чыккан, миң тарапка тараган,
Өнөрлөрүн өргө чапкан жазуучу, акындардан.
Токтогулдай төкмө чыккан, суудай төккөн ордунан,
Улуу Чыңгыз жазуучубуз чыккан, дүйнө тааныган.
Акын чыккан Алыкулдай, Аалы, Жоомарт, Мидиндей,
Саякбайдай манасчыбыз чыккан экен элимде, эй!
Төкмө акын Жеңижоктойлордон канчасы чыккан,
Сүрөт тарткан Сүймөнкул Чокморовдой болгон адам.
Сүйүп-күйүп эл жерине кылып кеткен кызматын.
Бекем эске тутуп алгын, ал Исхак Раззаковду.
Ошондуктан улуу элиме эч бириң теңелгис,
Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис.

Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!
Алга, кыргыз, алга!


Ала-Тоолук улуу элиме эч бириң теңелгис
Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис.

Комментарийлер (44)

19.03.2010. 11:56
 kgjigit
жакшы алга Добр
19.03.2010. 12:02
 kgjigit
Добр уважаю
26.03.2010. 13:55
 sher
uh ty show biznes irinin ekinchisi goooo
29.03.2010. 10:47
 adilxx
алга Кыргыз алга ! алга Добр алга ! Эркееек ! Кыргызстанды абдан сагындым!!!
30.03.2010. 14:45
 Bemulya
Molodec Nukura Kyrgyz Bala Dobr :)
30.03.2010. 17:19
 Акматов
Алга кыргыз калкым !!!
04.04.2010. 19:18
 Аселя Ли
НЕ МОГУ СЛУШАТЬ ЕГО ПРОИЗВЕДЕНИЯ, ГОЛОВА БОЛИТ А ВОТ ТИМАТИ СЛУШАЮ С ТАКИМ УДОВОЛЬСТВИЕМ.
17.04.2010. 21:15
 Sokuluk street
Нукура кыргыз бала!
22.04.2010. 20:56
 Кыргыз Руслан
Алга, КЫРГЫЗ, Алга!!!!!!!!
10.05.2010. 15:04
 Bargy
Алга ДОБР, Алга!!!
11.05.2010. 17:40
 Toktosun
ОООО сонун ыр ДОБР братуха Так держать Мен да кырызстанымды сагындым
27.05.2010. 12:13
 Tony Ka
ALGA KYRGYZ ALGA, JARAISYN DOBR.
10.06.2010. 01:51
 Малыш
Добр мне не нравится, можно было бы и лучше читать
10.06.2010. 01:52
 Малыш
Добр подлиза вечно пишет подхолимные песни
16.06.2010. 15:33
 aziattita
малой сен азаматсын белый флаг в руки
26.06.2010. 07:39
 Каракыргыз
Ooba irin jakshi boluptur... Sen Ko4o-Akindi je Камчыны taaniisinbi ??? taanisan osholor menen Treck jazbaisinbi... Alar dagi Nukura kyrgyz tilinde Riffmovaitetishet... Az13 ...
03.07.2010. 14:40
 kench
Молодец брат, мааниси абдан жакшы болуптур, мага абдан жакты. Чыгармачылыгынды уланта бер!!!
06.07.2010. 14:41
 Саулешка
Добр молодец! так держать!
28.07.2010. 20:43
 Арина
өзүнчө эле мини тарых го, сабакты окуганды жактырбаган окуучуларга уктурчу ыр экен :)
11.10.2010. 02:28
 nurikKGB
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга.
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга
03.12.2010. 21:41
 Kyrgyzbai
Dobr yryn sonun boluptur birok, senin "Баатыр Манас атам болгон ал менин гана атам" degen jerdi ondop koison jakshy bolmok.
07.01.2014 00:16
toichubek1984
Kyrgyzbai, кыргыз болгондон кийин баарынын атасы
21.12.2010. 02:19
 Elgiza
Azamatsyn Dobr Krasavchik!!!!
28.12.2010. 02:58
 thirteen

Кыргыз деген улутум менин кырылгыс эч качан,
Мага каршы чыкпа сендей миң душманымды кыргам.
Кыраан, кыраан жигиттерим менин эр жүрөк келген,
Мен кыргызмын намыскөйлүү намысыма бек келген.
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга.
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга.
17.01.2011. 12:59
 zarinchik
Молодец ДОБР!Ийгилик сага!Кыргызстанымды абдан сагындым...
02.04.2012. 01:24
 kurwab
Ала-Тоолук улуу элиме эч бириң теңелгис
Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис
22.05.2012. 22:50
 EkaMika
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга.
Алга кыргыз алга,
Алга кыргыз алга !!!
28.06.2012. 21:11
 Kamalbek
krasav4ik nukura kyrgyz dobr
25.05.2014. 09:07
 Argen.2000.kg
админ сураныч ушул ырдын минусун жуктоп койунузчу
26.05.2014 15:04
admin_superstan
Argen.2000.kg, тилекке каршы, минустарды жүктөбөйбүз. "Элдик аудио" бөлүмүнө колдонуучулар тарабынан жүктөлүшү мүмкүн.
08.12.2014 19:11
adiku
Argen.2000.kg, Мына Добрдын минустарынын Ссылкалары:http://www.super.kg/media/?pg=2&media_search=1&main_search=Добр , http://www.super.kg/media/?pg=3&media_search=1&main_search=Добр
24.06.2014. 11:51
 kama_future_millioner
Кыргызстаныма асылба Кыргызстаным меники. Ким болосун Ким болбогун сыйлагын мекенимди
08.12.2014. 12:06
 kubzero
Добр супер сенин ырларын абдан жагат ушул ырдын ремикси болсо админ киргизип койгулачы!
08.12.2014 18:24
admin_media
kubzero,
Саламасызбы! Аракет кылабыз, рахмат!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо