Азиза, Роза Шакирова, Айнура Салахидинова "Эсиңдеби, курбум, баягы?.."
03:23
3,1 Мб
Жүктөлгөн: 05-06-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Сөзү элдики, жаңылап иштеп чыккан Жеңишгүл Өзүбекова
Обону:Элдики
Көчүрүү
  • Currently 3.83/5
(6 добуш)
Кере жутуп салкын абаны,
Шаттуу кыял ага канабы?
Булак бойлоп бүлдүркөн терген,
Эсиӊдеби, курбум, баягы?..

Кубалашып чыгып кыяга,
Күч жок эле бизди тыярга.
Каткырыктан тоону жаӊыртып,
Батчу элек го, түркүн кыялга.

Тунук булак жашын чубуртуп,
Саамайына мончок тагалы.
Экөөбүз теӊ чөлмөк суу болгон,
Эсиӊдеби, курбум, баягы?..

Ал кезекте биз, биз эселек,
Таттуу сезим колдон жетелеп.
Далай жылдар өтүп кетсе да,
Бирок ал кез эстен кете элек.

Комментарийлер (27)

05.06.2014. 19:37
 sardar1
Эн сонун ыр, эн сонун аткаруу! Мага жакты.
05.06.2014. 20:07
 4aidai
жакшы ыр экен. Бунун да клипи барбы?
05.06.2014. 20:17
 dastan_nookat
Жакшы!! ыр
05.06.2014. 21:38
 Lazat
Эң сооонун супер ыр экен. Баарыңыздарга чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Бар болуңуздар эжекелерим.
06.06.2014. 01:35
 Samat.A.A
Сонун ырдаптыр. Суйомго абжелерими суйом)))
06.06.2014. 14:22
 Akdana81
Жакшы ырдашыптыр
06.06.2014. 16:35
 aitowa11
Роза эженин унуно соз жокта
06.06.2014. 19:19
 Uson.91
Sooonun. Iiiiiiiiiiy iiiiiyy. IIiyy iy. Jarait
07.06.2014. 11:33
 dina_nina
Аябай жакты. Бул ыр Эски достордун экинчи сериясы го дейм. Эжекелердин унуно соз жок. Бириникинен бириники жакшы угулат. Ыр жакшы! 5555555
07.06.2014. 12:49
 dos
админ медия Алтынбек Каленовтун ойлодун бекен сен дагы деген ырын жуктоп коёсуздарбы рахмат.
07.06.2014. 18:34
 tima-27
Ушул ырчылардын достуугу дайым бирге болсун алгаа эжелер
07.06.2014. 19:25
 oruktu_city
Сонун чыгарма жаралыптыр....азатсыздар!
07.06.2014. 23:00
 aika_sv
Эмне деп комментарий жазууну да билбей калдым. Жакшы аткаруучулар сонун ырды жогорку денгээлде ырдап коюшкан. Мага жакты. Озгочо Роза эжекени сыйлайм.
08.06.2014. 00:09
 4aidai
Роза менен Айнура четкий ырдап коюшуптур, угуп жаттап алдым. Азаматсынар достор. Клипин кутобуз!
08.06.2014. 00:23
 gooool
жакшы достор учоо коз тийбесин силердин достугунарга ыр сонун Азизанын кайниси Тайырбек Сарпашов деген чынбы ким билет..?
08.06.2014. 09:20
 sardar1
Учоо чыныгы дос экени корунуп турат. Эски достор деген ыры да соонун чыккан. Бул ыр да кем калышпайт экен. Чыгармачылык ийгиликтер коштосун силерди эжекелер!
08.06.2014. 15:25
 asanbekov
super
08.06.2014. 15:37
 Роза Шакирова
Чоон рахмат. Бул ырдын автору Асылбек Озубеков. Созун жазган Женишкул Озубекова.Дайыма сиздер учун кызматтабыз. Дагы да жакшы ырларды тартуулаганга аракет кылабыз. Бар болунуздар.
08.06.2014. 15:57
 mi-li-na
Роза Шакирова ырдын опко-журок,ѳтүн алып,майын чыгара ырдайт да,унунузго баракелде!!!Учоо тен жакшы ырдашыптыр.Мыкты трио.
11.06.2014. 01:46
 aman94el
учоочуно тен соз жок ар дайым сонун ырларды жаратышат унунор очпосун
11.06.2014. 11:23
 lily27
Иииий ииийййй ииий ий ий ий ийййй, сонун ыр болуптур даааа. Эски ырларды жакшы чыгара башташты 3 дос.
21.06.2014. 21:36
 Akzholtoi
неге загрузка болбой атат, админ.?
22.06.2014 09:55
admin_superstan
Akzholtoi, Оpera mobile браузери менен көчүрүңүз.
27.06.2014. 00:35
 ulik.2014
Досторуму эстеп кеттим
17.07.2014. 14:08
 Masha_18
Эн сонун ыр экен мага жакты, сиздерге ийгилик каалайм, мындай жакшы ырларды жарата бериниздер!
18.09.2014. 15:01
 azhibaeva.2012
Беш деген баа Роза,айнура,Азиза! Мен силер менен сыймыктанам.
13.08.2016. 20:02
 rianair
Ушул ыр такыр отпой атат автордун аткаруусундагы да отпой атат неге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо