Асема "Сүйөм сени"
04:08
2,84 Мб
Жүктөлгөн: 17-03-2010
Сөзү:З. Мурзатаеваныкы
Обону:Асеманыкы, Санжар Абдыжапаровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(3 добуш)
Жарыгым менин, кумарың жалбыз жытындай,
Сезимге шербет, сөзүңдүн оттой ысыгы, ай!
Эсиме келбей, элбиреп турам өзүң деп,
Тай кулун туйлап жаткансып жүрөк тушумда.

Албырып турган жүзүмдөн байка сүйүүмдү,
Жактырам, жаным, жалбарган шыбыр үнүңдү.
Магдырап барам, керемет келе калгандай,
Майрамдай сезип, сен менен өткөн күнүмдү.

Кайырма:
Сүйөм сени, сүйөм сени сүйүүдөн эч чарчабай,
Күтөм сени, күтөм сени күтүүдөн эч тажабай.

Отуна күйдүр, бул дүйнө бизге түбөлүк,
Белекке келген кемибей турган энчиби?
Жалының барда жанарың болсо жанып кал,
Жалп этип өчсөк, жыйнаган күнү келчүбү?

Комментарийлер (11)

17.03.2010. 22:14
 Асанбеков
Super! net slov!!
18.03.2010. 00:40
 aizita
bilbeim yrdyn maanisi bardai ele sezilet tekstine karaganda birok Asema maanisin chygara albapsyn.....
18.03.2010. 12:54
 Bahtin
Супер Асема! Сага ийгиликтер!!!
19.03.2010. 00:19
 Demon
чарчабай тажабай эмгектене бер карындаш ...
20.03.2010. 17:12
 DJMYRZA
Асема, аранжировкасы начар болуп калыптыр, стандартные звуки и инструменты...
31.03.2010. 09:01
 Halidos
Коп кырдуу мындай таланттарды бир гана колдоо керек! Азаматсын! Ийгиликтер сага Асема!
05.04.2010. 12:27
 Halidos
uergeshov:
Люди скажите эта песня скачывается? Очень красивая песня, у Асемы очень трогательный голос, Молодец
--
Жуктоп алууга азырынча коюла элек ко:( Мен да озумо жуктоп алсамбы дегем, окшошпой атыр
06.04.2010. 10:49
 cliff
Ырды апрелдин 17 синен кийин көчүрүп алууга мүмкүн.
07.04.2010. 09:46
 Selina
Соонун ыры экен... Ушундай стилдеги ырлардан кобуроок жаздырышса биздин ырчылар (ОК) болмок:)
Азаматсын Асема! Талантын ташкындай берсин! Алга!
15.06.2010. 03:31
 aziattita
сен ырдабай еле койчу сураныч
11.11.2010. 06:19
 Arstan
Ыр сонун экен,обону анча эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо