Аскат Мусабеков "Түгөлбайдын жамгыры"
03:39
6,68 Мб
Жүктөлгөн: 09-06-2014
Жанр: Фольклор
Көчүрүү
  • Currently 4.13/5
(8 добуш)
Бир мезгил жолуктуруп өзүң менен,
Бирок да жолдорубуз бөлөк экен.
Жамгырда бирге болгон жаштык кезди,
Жоготпой сезимиме сактап келем.

Кайырма:
Табийгат жашып турат неге тынбай?
Төгүлөт Түгөлбайдын жамгырындай.
Арзууну жүрөктөгү эзген менен,
Ааламга жар саламын ырдай, ырдай.

Жамгырда чогуу басып атырган таң,
Түбөлүк чыкпай келет акылымдан.
Азыр да жамгыр төксө нөшөрлөтүп,
Тасмадай мезгил өтөт көз алдымдан.

Кайырма:

Окшотуп добушуңду сенин күлкүң,
Шыбыртың кулагыма бекем түйдүм.
Жамгырдан сени бөлүп карай албай,
Жалындап экөөңдү тең бирдей сүйдүм.

Кайырма:

Комментарийлер (5)

09.06.2014. 13:50
 283755
Журоктон чыккан ыр журоко жетет.
18.06.2014. 01:17
 taalay89
Элмирбек именалиевдин ырларын кошуңуздарчы сиздерден өтүнөм алыскы москвадан
18.06.2014 11:16
admin_superstan
taalay89, сунушуңуз эсибизде болот.
25.07.2014. 05:25
 aiza.kyrgyzkyz
Ыры да уну да топ келишет экен. Азаматсын талантына таазим
18.08.2014. 18:00
 sulai1910
Создорун жазып койсонуздар, абдан жакшы болот эле!! Ырдаганча отуралы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо